Menu

Керри Алепподогу авиасоккулардын жанданышына кабатыр

Бөлүшүү:

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри 24-октябрда орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Сирия көйгөйүн талкуулады. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин басма сөз кызматынын жетекчиси Жон Кирби кабарлады.

Маалыматка караганда, тараптар Сирия кризисин тынч жол менен жайгаруу, Женева сүйлөшүүлөрүнө кайтуу, согуштук аракеттерди токтотуу зарылдыгына токтолушту. Керри аба жана жердеги чабуулдар уланып жатканына тынчсыздануу билдирди.

Алепподо салгылашуулар 22-октябрда Орусия менен Сирия жарыялаган үч күндүк тынчтык режиминен кийин кайра башталган. Ок атышууларды убактылуу токтотуу жараяны карапайым жарандардын шаардан чыгып кетишине, дарыгерлерге бейтаптар менен жаракат алгандарды эвакуациялоого мүмкүндүк бериши керек эле. Reuters агенттигинин билдиришинче, Алепподон чыгууга аракеттенген бир топ жарандар ок атууга кабылган. БУУ 250 миңдей адам курчоодо экенин билдирип келет.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: