Menu

Сойкулардын акчасына туйтунган милиция кызматкери

Бөлүшүү:

Бишкекте сойкуларга “крыша” болуп жүргөн капитандын иштен алынбай эле башка райондук ички иштер башкармалыгына бөлүм башчы болуп дайындалганы милициянын беделине ого бетер көлөкө түшүрдү. Бул шаардык ички иштер башкармалыгы мурунтан колдонуп жүргөн эреже катары түшүндүрүлүп, катуу сынга алынды

Сойкулуктан акча тапкан капитан иштен алынган жок

Башкалаа милициясынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев чырлуу видеотасманын башкы каарманы, милиция капитаны Пардабай Намазбаев Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук бөлүмүнүн башчысы кызматына которулганын бышыктады. Ага чейин ал Свердлов райондук милициясынын аталган бөлүмүн жетектөөчү.

“Анын Ленин районуна которулганы ырас. Бирок азыр тергөө аяктаганча кызматтан убактылуу четтетилди. Азыр ишти Бишкек шаардык прокуратурасы тергеп жатат.”

Эл ичинде чырга түрткү берген каарманды “бармак басты, көз кысты” кылып башка жакка жетекчилик орунга дайындабай эле жумуштан алса, же чини менен кызматын төмөндөтсө болбойт беле деген суроого баш катыргандар арбын. Буга Олжобай Казабаевдин берген жообу төмөнкүчө:

– Иштин чоо-жайы мындай. Видеодо капитан кыздарды кармабагыла деп айтып атпайбы. Ошондой эле андагы кызга арыз түшкөнүн, өзү анын үстүнөн иштеп жатканын айтууда. “Эмнеге кармайсыңар, бул ишти өзүм аягына чыгармакмын” деген мааниде сүйлөп жатат. Эгер ошол учурда жумуштан алып салсак, ал сотко кайрылып, “укуктук баа жок” деген негизде утуп алмак. Анын аракетине укуктук баа берүү үчүн прокуратурага кайрылдык. Териштирүү учурунда бияктагы тергөө иштерине тоскоолдук кылбасын деп Ленин районуна которулган. Ага прокуратура баа бергенден кийин гана кызматынан төмөндөйт. Ага чейин кызматтан ала албайбыз. Мыйзамда ротация түшүнүгү бар. Мисалы, кайсы бир конуштун инспекторунун үстүнөн кызматтык териштирүү башталса, тергөөгө залакасы тийбеши үчүн ал башка жакка которулат, же кызматтан четтетилет. Эми прокуратура кандай чечим кабыл алса, ошону аткарабыз. Иштен айдалсын десе, иштен алынат.

Капитанга байланышкан чуулгандуу тасма өткөн аптада интернетке тараган болчу. Анда Пардабай Намазбаев сойкуларды калкалап, кол алдындагыларды “мага өчөшүп жатасыңарбы деп кагып-силкип, күпүлдөп урушуп жатканы, 35 сутенёр бар болсо да, “өзү калкалаган” адамга тийишкен кесиптештерине нааразы болуп жатканы көрсөтүлгөн. Иликтөө учурунда анын быйыл 15-майда тартылганы аныкталган, бирок дүйнөлүк желеге ким жайгаштырганы азырынча беймаалым.

Тасма интернет колдонуучуларынын бүйүрүн кызытып, кызуу талкууга түшкөн соң шаардык милиция башкармалыгы бул боюнча кызматтык териштирүү башталганын, капитанга катуу сөгүш берилип, кызматтан алынганын кабарлаган. Үч күндөн кийин жалпыга маалымдоо каражаттары анын иштен кетпей эле, бөлөк районго кайра эле жетекчилик кызматка дайындалганын ачыкка чыгарып, милиция башкармалыгынын шаштысын алды.

Милициянын сойкулардан акча өөнөгөнү сыр эмес

Негизи коомдо сойкуларды, чөнтөкчү ууруларды милиция коргоп, калкалай турганы ачык эле айтылып жүрөт. Сойкулук менен алектенген кыздардын өздөрү да милиция кызматкерлеринин орой мамилесине жедеп көнүп бүткөнүн жашырышпайт. Алардын бири, өзүн Анара деп тааныштырган келинди кепке тартканыбызда, тартип коргоо органдарына карата дооматы көптүгүн кыйытты:

“Биз жыргап кеткенден улам бул ишке барган жокпуз. Милиция кызматкерлери калп эле кубаламыш болгону менен бизден өз “үлүшүн” алып турушат”.

Ошентсе да, ушул кезге чейин милиция кызматкерлеринин “ыплас кесипти” коргогонун тастыктаган далил мынчалык ачык тараган эмес эле. Окуя ансыз деле араң турган милициянын беделине көө жаап, сын-пикирлерге жем таштады. Айгактын ачыкталышы четте калып эле, андан кийинки “баш каарманга” жаза берилбегенин айыптагандар да толтура. “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдирасулова акыркы жагдай милицияда туура эмес иштер көп экенин айгинеледи дейт.

“Бул жаңылык эмес. Сойкулардан милиция кызматкерлери мурунтан эле “салык” алып келишкен. “Баш калкасы” жок сутенерлор иштей алышпайт. Аларды аймак-аймакка бөлүп алышкан. Бизге бул тууралуу ошол эле кыздар айтып беришкен. Бирок алар ачык чыгып милицияларга каршы көрсөтмө бере алышпайт. Ошондуктан, арыз болбогондон кийин биз да эч нерсе кыла албай эле жүрөбүз. Анткени, бизде ким болбосун зыян келтирбөө тууралуу эреже бар да. Сойкуларды коргоду деген милиция кызматкерин иштен кетире албай жатышканы, дене сатуудан түшкөн акчага канчалар кызыкдар экенин ырастап турбайбы. Кыргызстанда сойкулукту чектеген же болбосо жөнгө салган мыйзам жок. Ошол себептүү ушундай кыйчалыш абал жаралды. Бул талкуунун башталганы жакшы болду. Сойкуларды калкалоого аралашкан кызматкер иштен кетиши керек. Ал эми ал капитандын башка районго которулушун, сойкулардан алган “салыктарын” башкалар менен, жетекчилери менен бөлүшүп турган деп түшүнсөк да болот”, – дейт укук коргоочу.

Быйыл июнда Бишкек милиция башкармалыгынын жетекчиси алмашып, жаңы башчы Самат Курманкулов “чү” дегенде эле ишин дене сатуу менен күн көргөн кыздарды “тазалоодон” баштаган болчу. Бир жума ичинде Ибраимов, Фрунзе, Кулатов көчөлөрүн сойкулардан арылтууну убада берген. Анын негизинде маал-маалы менен тартип сакчыларынын текшерүүлөрү жүрүп, кыз-келиндер кармалып турган. Ошол кезде эле коомдо муну “курулай популизм” деп сындагандар да чыккан.

Жарандык активист Адил Турдукулов аталган убаданы сойкулукту жымсалдап, жаап-жашыруу, көз боёмочулук кылуу аракети катары мүнөздөп, шаарды тазалоого сөз берген милиция жетекчилерге ишенүү кыйын экенин айтат:

“Милиция жетекчилери сойкуларды гана эмес, алар “иштеген” батир, сауналарды да калкалап, андан “салык” алып жатканы жашыруун эмес. Мындай көрүнүштөргө акчанын айынан жол берилип жатат. Анткени милиция жетекчилеринин, бийликтин мында “үлүшү” бар. Кээ бир депутаттар сауналарга ээлик кылат. Аларда кыздарды иштетип келгени да айтылып келет. Ошолорго эч кандай чара көрүлгөн жок. Баарын ушундан башташ керек болчу”.

Милиция маданиятсызбы?

Негизи милиция “коомдун күзгүсү, элди тартипке чакырган кесип” деп айтылат. Бирок Кыргызстанда алардын терс адаттарын көрсөткөн учурлары, одоно мамилелери кадам сайын кездешкенин бийлик өзү да моюнга алып, сындап келатат. Муну менен бардык тартип сакчыларын “маданиятсыз” деп айтуудан алыспыз. Арасында илимдүү, маданияттуу адистери да жок эмес. Ал эми бир карын майдагы бир кумалактай болуп алардын кадыр-баркын түшүргөн кесиптештеринин жоруктарынан кантип кутулууга болот? Көз карандысыз эксперт Искендер Шаршеев баарынан мурда аларга кам көрүү аркылуу маселени чечсе болот деген ойдо:

“Качан гана милициянын айлыгы 1000 долларга жогорулаганда маселе чечилет, тартип сакчылары намыс менен иштей баштайт. Аларга шарт түзбөй, маянасын көтөрбөй, абалды оңдоо тууралуу сөз кылуу куру сынга жатат. Милиция кызматкерлери сойкулукту ишкерлик катары көрүп, колго алганы 1990-жылдан тартып эле белгилүү. ИИМ башчылары алмашкан сайын ал ишке жооптуулар оошуп турат. Кээде жок кылынат, бир аз убакыт өткөн соң кайра башталат. Менимче, Түркиядагыдай сойкулукту легалдаштырып, мамлекет түздөн-түз өзү көзөмөлгө алууга тийиш. Ошондо гана көйгөйдү жок кыла алабыз.”

Сойкулукту кантип чектөө керек?

Коомдо сойкуларды жеңил ойлуу кыздар катары сыпатташып, жек көрүшөт. Алар кодулаган, кордолгон учурларга туш болуп келишет. Милиция кармап, коомчулук жектеген менен бул көрүнүшкө тыюу салуу боюнча мыйзамдын эмдигиче жоктугу да түрдүү түкшүмөлдөргө жетелейт. Укук коргоочулар бир четинен катуу тыюу салынса, көмүскө сойкулук күч алып, жугуштуу оорулар көбөйүшү мүмкүн деп кооптонушат. Алардын баамында, суроо-талап болмоюнча сунуш болбойт. Бул жааттан алып караганда, дене саткан кыз-келиндерди да, аларга тыюу салымыш болуп арам акчага марыган тартип сакчыларын да ыйман, абийир гана оң жолго салчудай. Ал эми “жогору жактагылар” калк камын ойлоп, кыз-келиндер татыктуу жумуш орундары менен камсыз болсо, сойкулардын саны азаймак. Канткен күндө да бул маселе журт башыларынын жана жеңил жашоону тандап алган айымдардын өздөрүнүн абийиринде.

Дарыя Мурат кызы

Булак: Саресеп

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: