Menu

Мусулмандар менен христиандардын бир жайга коюлуусу динде тыюу салынган

Бөлүшүү:

Ала-Букада баптист багытын тутунган аялдын сөөгүн жергиликтүү тургундар экинчи жолу мүрзөсүнөн казып чыгарып салды. Эске салсак, 14-октябрда Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылынын мүрзөсүнө жергиликтүү тургундар жана имамдар башка динге өтүп кеткен деген жүйөө менен 76 жаштагы аялдын сөөгүн койдурбай коюшкан. Талаш-тартыштардан соң сөөк Өрүктү айылына таандык жерге жашырылган. Бирок ал жерде да жергиликтүү тургундар чогулуп келип каршы чыгып, натыйжада туугандары маркумдун сөөгүн кайра казып алган. Маалыматка ылайык, учурда сөөктү коюуга башка жай изделүүдө. Өлкөдө баптист багытын тутунган адамдар көп болгондуктан ушул өңдүү маселелерди байма-бай учуратууга болот. Бул боюнча Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Марс Ибраев төмөндөгүдөй оюн айтты.

– Ооба, Кыргызстан диний мамлекет эмес, светтик өлкө. Ошондуктан, мамлекет элибиздин 90 пайызын түзгөн мусулмандардын да, азчылыкты түзүп келген башка диндин өкүлдөрүн да укугун коргогонго милдетүү. Ислам дини толеранттуу, диалогго ачык дин. Башка диндин өкүлдөрү менен жакшы карым-катнашта болууга чакырат. Аларды жекип, элден-жерден чыгарууга, же бөлүүгө динибиз үндөбөйт. Туура, биз маркумдарга сый-урмат көрсөтүүгө милдеттүүбүз. Бирок бул мусулмандар көмүлө турган жайга башка дин тутунгандарды же атеисттерди коюуга болот дегендике жатпайт. Беш убак намазга жыгылуу, орозо тутуу деген парздай эле мусулман мазары башка динди тутунган инсандардын жайынан өзүнчө болуусун Ислам дини буйруйт. Ар бир диндин өзүнө жараша эрежелери бар. Ошол эле атеист болобу, баптист болобу жашоодо туу тутуп келген өз эрежелери менен жашайт. Эч ким алардын эрежесин бузуп, ишенимине тийишкен жок. Эгер андай болсо, алар эл аралык конвенцияларга чейин арызданууга барат. Демек, алар да мусулмандардын аялуу делген ишенимин сыйлашы керек. Бул маселени ырбатпай эле, башка жайга коюп чечсе болмок. Шаар эмес экен. Кудайдын жери кенен го. Кээде туруп бул дагы да болсо айрым бир жактардын Исламофобияны күчөтүүгө жасаган аракетиби деген ой келет. Анткени акыркы тапта исламдан инсандарды чочутуу деген процесс күч алып барат.

Булак: Саресеп

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 70 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: