Menu

Депутат Абтандил Кулбараков: «Кайсы бир тараптын кызыкчылыгын көздөгөн адамдарды тендердик комиссиялардын курамына жолотпоо керек»

Бөлүшүү:

Депутат мындай пикирин Жогорку Кеӊештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинде экономика тармактарын жана калкты 2016/2017-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.

Депутаттардын электр энергиясына байланыштуу суроолоруна жооп берип жатып, өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев электр кубатынын тартыштыгын чакан ГЭСтерди куруу аркылуу чечүү аракети жасалып жатканын белгиледи. «Чакан ГЭСтер боюнча жаӊы жобо иштелип чыкты. Эми биз аларды курууга сынак жарыялайбыз», – деп, ал инвесторлорду кызыктыра турган ончакты долбоор бар экенин кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин ал электр энергиясынын баасын төмөндөтүүгө азырынча мүмкүнчүлүктөр жок экенин билдирген. Анын айтымында, Токтогул суу сактагычында жетиштүү суу топтолду, бирок ТЭЦтин электр энергиясынын өздүк наркы 2 сомдон ашууда. Ал эми энергокомпанияларынын каржы таӊсыктыгы 8 млрд сом көлөмүндө. Ошондон улам, өкмөт электр баасын азыркы деӊгээлде кармап турууга аргасыз.

Улуттук энергохолдинг башчысы Айбек Калиев Жогорку-Нарын ГЭС каскадынын курулушун улантууга азырынча реалдуу инвесторлор табылбай жатканын айтты. Ал эми электр энергиясын өчүрүүлөр энергокомпаниялардын күнөөсүнөн эмес, азыркы аба ырайынын катаалдыгына байланыштуу келип чыккан күтүлбөгөн техникалык авариялардын улам болуп жатканын маалымдады.

Өкмөттүн берген маалыматына караганда, ушу кезде Бишкек ТЭЦинде 334 миӊ тонна көмүр топтолду. Депутат Абтандил Кулбараков көмүр сатып алууда кайсы бир тараптын кызыкчылыгын көздөгөн адамдарды тендердик комиссиялардын курамына жолотпоо сунушун берди. Анын айтымында, ошондой адамдардын айынан кампалар казак көмүрүнө толуп, жергиликтүү көмүргө орун калбай калды. Алар жергиликтүү ишканалар менен түзүлчү келишимдерди атайылап создуктуруп жатат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 + = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: