Menu

Адиль Турдукулов: “Журналист Дайырбек Орунбековго козголгон кылмыш иши боюнча эртең жаза чарасы каралат”

Бөлүшүү:

Мындай маалыматты журналист Дайырбек Орунбековдун коомдук жактоочусу Адиль Турдукулов билдирди:

“Эртең, 27- октябрда, саат 9.00, Октябрь райсотунда Дайырбек Орунбековго козголгон кылмыш иши боюнча, жаза чарасы каралат. Аны, Башкы прокуратура Атамбаевге 2 млн. сом төлөбөй, кечирим сурабай койдуң деп күнөөлөп жатат. Ал үчүн журналист 2 жылга чейин кесилип кетиши мүмкүн. Азыркы учурда Дайырбекти колдогонубуз Кыргызстанда сөз эркиндигин коргогон менен барабар!”,-дейт Турдукулов.

Эскерте кетсек, журналист 2010-жылдагы Оштогу кыргыз-өзбек жаңжалынын келип чыгышына Убактылуу өкмөттү күнөөлөп жана анын негизги уюштуруучусу Кадыржан Батыров Алмаз Атамбаевдин жардамы менен Кыргызстандан чыгып кеткен деп жазган. Ал макаласы үчүн Орунбековду президент Алмаз Атамбаев “кадыр баркыма шек келтирди” деп журналисттен 2 000 000 сом моралдык чыгым жана жазган макаласын толугу менен төгүндөсүн деген талап менен сотко берген. Сот Орунбековду күнөөлүү деп таап, президенттин арызын толугу менен канааттандырган. Бирок, сот чечими адилетсиз экенин Орунбеков жана анын жактоочулары айтып чыгышкан. Кийин, президенттин 2 000 000 сом моралдык чыгымын төлөй албай жана жазган макаласынан баш тартпаганы үчүн Орунбековго кылмыш иши козголгон болчу. Мыйзамга ылайык, сот чечимин аткаруудан баш тарткан мезгилде Кылмыш жана Жаза кодексинин 338-берени менен кылмыш иши козголуп, чечимди аткаруудан баш тарткан тарап 2 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Бирок, Дайырбек Орунбеков сот чечимин атайын аткаруудан баш тарткан эместигин айтты:

“Мага караштуу “Маалымат.KG” сайтымды сот аткаруучулар Атамбаевдин (Конфискация имущества) пайдасына тартып алышты. Мен учурда жумушсуз калдым жана кирешем жок. Ошого байланыштуу соттун чечимин аткарууга шартым жок. Мага карата козголгон кылмыш адилесиз жана саясий куугунтук”,-дейт ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: