Menu

Фото – Жалал-Абадда Баткен окуяларынын 16 жылдыгы белгиленди

Бөлүшүү:

Бул жылы Баткен согушунун аяктаганына 16-жыл толду, ага карата шаарда Баткен согушунун ардагерлеринин жана бир катар бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда шаардагы Жеңиш эс алуу багында салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул боюнча Жалал-Абад областтык жана шаардык Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Рустамбек Амиракулов билдирди.

Анын айтымында, 1999-2000-жылдары өлкөнүн түштүгүнө экстремисттик баскынчылардын кирип келишнен улам келип чыккан согуш аракеттерине 16 жыл толду. Ага карата областта бир катар иш-чаралар өткөрүлүп келүүдө. Андагы негизги максат  ардагерлердин катышуусунда өсүп келе жаткан жаш муундарга болуп өткөн согуш жөнүндө айтып берип, өспүрүмдөрдү өлкөнүн тынчтыгын, бүтүндүгүн коргоо жана патриоттук сезимдери күчөтүү болуп саналат.

zha-batken-okuya-16-zhyl2

-Баткен согушунун ардагерлерине Өкмөт тарабынан айына берилүүчү жөлөк пулдар каралбаса да согуштун аяктаганынын 16-жылдык майрамына карата  өткөрүлүүчү иш-чараларга  мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп, ардагерлерибизге моралдык жактан колдоо көрсөтүлүп келет дейт,- ал.

zha-batken-okuya-16-zhyl3

Өткөрүлгөн салтанатта сөз сүйлөгөн шаар мэри Салайдин Авазов Баткен коогалаңында эл жери үчүн күрөшкөн ардагерлерди майрам менен куттуктады.

-Сиздердин Баткен коогалаңындагы эрдигиңер, мекен сакчылыгындагы аракетиңер эгемен Кыргызстандын жаңы тарыхындагы барандуу окуя болуп калды. Тарыхта биринчи жолу эгемен өлкөбүздү сырткы душмандардан коргоп тынчтыкты камсыз кылууда сиздердин эмгегиңер чоң дейт, -С. Авазов.

zha-batken-okuya-16-zhyl5

Эскерте кетсек, 1999-жылдын август айында эл аралык экстремисттик топтор өлкөбүздүн түштүк чек арасын бузуп, кирип келишкен. Аларга каршы Кыргызстандын он беш миңге жакын, ал эми Жалал-Абад областынан  бир миң эки жүз Куралдуу күчтөрү жана ыктыярдуулар каршы туруп, террордук топторду жок кылышкан. Өлкөдө бүгүнкү күндө 481 Баткен согушунун ардагерлерине мамлекеттик сыйлыктар, ал эми 34 жоокерге Куралдуу күчтөрдүн отличниги наамдары берилген. Шаар боюнча куралдуу салгылашууда 1 жоокер курман болгон. Учурда шаарда Баткен согушунун 95 ардагери бар. Жеңиш багындагы салтанаттан соң Токтосун Тыныбеков атындагы филармонияда ардагерлердин урматына концерттик программа тартууланды.

zha-batken-okuya-16-zhyl4

Өткөрүлгөн бул иш-чарага жана согуштун ардагерлерине шаардык бюджеттен жалпы 66 миң 600 сом акча каражаты бөлүнгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: