Menu

КР Жогорку Сотунун судьяларына коюлуучу талаптардын ичинен 5 жылдык судьялык иш стажынын болушу алынып салынууда

Бөлүшүү:

Кечээ, 26-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” конституциялык Мыйзамдын долбоору 3-окууда каралды. Демилгечилер – депутаттар Скрипкина Г.А., Кодуранова А.С., Масалиев И.А., Сабиров М.Э., Шайназаров Т.У., Пирматов И.А. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьяларына коюлуучу талаптардын ичинен беш жылдык судьялык иш стажынын болушун алып салуу сунушталууда. Мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүү судья болуп саналбаган, бирок жарандык, жазык, административдик жана экономикалык иштерди кароо үчүн зарыл болгон укуктун тармактары боюнча жетиштүү тажрыйбасы жана билими бар адамдарды тартуу мүмкүндүгүн карайт.

Талкууда депутат Курманкул Зулушев Башмыйзамга Жогорку Сотко пленум киргизилип жатканын белгилеп, эми ага беш жылдык судьялык иш стажынын болушун алып салуу сунушталганына каршылыгын билдирди.

Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Жыйын жүрүшүндө “Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору 3-окууда каралып, добуш берүүгө жолдонду.

Мыйзам долбоорунун концепциясы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларындагы карама-каршылыктарды четтетүүгө жана өксүктөрдүн ордун толтурууга, жардыргыч материалдарды жүгүртүү менен байланышкан маселелер боюнча администрациялык даттанууларды ыйгарым укуктуу органдар тарабынан кароодо бир түрдүү укук колдонуучулук практикасын түзүүгө багытталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: