Бүгүн, 27-октябрда Кыргызгидрометтин билдирүүсү боюнча өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир дыйканчылык аймактарында туман түшүшү күтүлөт. Автожолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1-6 м/с жетет.
Абанын температурасы Чүй: 2…7, Талас:0…5, Ош, Жалал-Абад, Баткен:4…9 градус жылуу болот. Ысык-Көл:0…-5, Нарын:-2…-7 градус суук болот.
Бишкек шаарында бүгүн, 27-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Автожолдордун тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1-6 м/с жетет. Абанын температурасы 3…5 градус жылуу болот.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ