Menu

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Сүлүктү, Кербен, Токтогул, Балыкчы шаарларын өнүктүрүүгө 12,8 млн доллар берет

Бөлүшүү:

Бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңеш жыйынында “Бишкек шаарында 2016-жылдын 25-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Шаарды өнүктүрүү долбоорун” каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору 2-окууда каралды. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзам долбоору боюнча Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Алмазбек Баатырбеков маалымат берди.

Маалыматка ылайык, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Сүлүктү, Кербен, Токтогул, Балыкчы шаарларынын социалдык объектилеринин абалын, электр энергиясы менен камсыз кылууну, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу багытында 12,8 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлөт. Анын ичинде, 6,6 млн доллар жеӊилдетилген насыя, ал эми 5,4 млн доллар гранттык каражат болуп саналат. Ага кошумча КР Өкмөтү да 2,4 млн доллар каражат кароого тийиш.

Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жолдонду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: