Стокгольмдо 26-октябрда белгилүү өзбек режиссеру Мелис Абзаловдун сөөгү жерге берилди. Аза күтүү зыйнат Ташкенттеги кинорежиссерлор үйүндө дагы өттү.
Атактуу кинорежиссердун тажиясына 50дөн ашуун адам катышты. Алардын арасында жакын тааныштары, туугандары жана учурда Швецияда жашап жаткан өзбекстандыктар бар.
Мелис Абзалов 25-октябрда жүрөк оорусунан улам 78 жашында Швецияда көз жумган. Ал кино сүйүүчүлөргө “Келиндер козголоңу”, “Генерал чоң эне”, “Чынар алдындагы дуэль”, “Майсарынын жоруктары”, “Арман”, “Өткөн күндөр” жана “Чимилдик” тасмалары менен белгилүү.
Мелис Абзалов өмүрүнүн акыркы жылдарында Швециядагы кызынын үйүндө жашаган. Учурда бул өлкөдө кинорежиссердун кызы, уулу жана алты небереси бар.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ