Menu

Путин АКШ президенти менен жеке макулдашуусу ишке ашпай калганын билдирди

Бөлүшүү:

Орусия президенти Владимир Путин Сирияда кан төгүүлөрдү токтотуп, саясий жараянды киргизүү азырынча мүмкүн болбой жатканын билдирди. Интерфакс маалымдагандай, бул тууралуу ал бейшембиде эл аралык “Валдай” форумунда айтты.

Путин АКШ президенти Барак Обама менен жеке макулдашуусу ордунан чыкпай калганын жарыялады. Ал узак сүйлөшүүлөр жана оор компромисстерден кийин террорчулук менен күрөшүү боюнча бирдиктүү фронт түзүлүп баштагандай таасир болгонун, бирок бул чындап иш жүзүнө ашпаганын билдирди.

Орусия президенти АКШнын азыркы администрациясы менен иштөө ал үчүн оор болгонун, Сирия жана башка маселелер боюнча макулдашуулар сакталбаганын айтты. Путин америкалыктар шайлаган жаңы президент менен кызматташууга даярдыгын кошумчалады.

Путин Орусия Американын шайлоо системасына кийлигишип жатат деген айыптоолорду дагы бир жолу четке какты. Ал АКШ президенттигине талапкер Дональд Трампты бөтөнчө ыкмалар менен шайлоочулардын жүрөгүнөн орун табууга аракет жасаган саясатчы деп сыпаттады. Анын пикиринде, америкалык элита федералдык карыз же полиция кыйноолору сыяктуу фактылардан элди алагды кылуу үчүн Орусиянын кийлигишүүсү сыяктуу ойдон чыгарылган, жалган маалыматтарды пайдаланууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: