Menu

Алматыда террочулукка айыпталган жаранды өлүм жазасына тартуу суралды

Бөлүшүү:

Быйыл 18-июлда Алматыда болгон кандуу кол салууга күнөөлөнгөн Руслан Кулекбаевге мамлекеттик айыптоочу өлүм жазасын  берүүнү суроодо. Анын шериктери делгендерди 3 жылдан 12 жылга чейин түрмөгө кесүү сунушталды.

Кулекбаев расмий түрдө терррордук чабуул жасоо, сегиз күч орган кызматкерин, эки карапайым адамды өлтүрүү, үч жарандын өмүрүнө кол салуу, андан тышкары курал-жарак, ок дары, жарылуучу заттарды мыйзамсыз жасоо, алуу жана сактоо боюнча айыпталды.

Тергөөнүн версиясы боюнча 18-июлдагы кол салууну ал жалгыз жасаган. Мындай жол менен Кулекбаев күч органдарынан түрмөдө өткөргөн күндөрү үчүн өч алууга аракеттенген. Буга чейин ал каракчылык жана курал-жаракты мыйзамсыз сактоо боюнча айыпталып соттолгон.

Казакстанда өлүм жазасы өтө оор кылмыш үчүн берилет. Бирок 2003-жылдан бери аны жүзөгө ашырууга мораторий киргизилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 23 = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: