Menu

Өмүрбек Бабанов, ЖКнын депутаты, “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери: “Өкмөттү башкарайын деген үмүт бизде эле эмес, ар бир фракцияда бар”

Бөлүшүү:

— Өмүрбек Токтогулович, бийлик сиздин фракцияны коалицияга киргизүү үчүн коалицияны бузууга барды окшойт?

— Мен сиздин сөзүңүзгө кошула албаймын. Коалициянын бузулушун биздин партияга шылтаган такыр туура эмес. Элибиз коалициянын кагаз түрүндө гана болуп, факты түрүндө коалиция жок болгонун көргөн, билген. Себеби мамлекетти өзгөртө турган көп мыйзамдар жөнүндө коалициянын ичинде ар кандай ой-пикирлер айтылып келген. Негизги жагдай ушундан келип чыкты. Президент кимге мандат тапшырса, ошол фракциянын лидери коалицияны курайт.

— Сизге президент мандат тапшырып калсачы? “Өнүгүү” менен “Ата-Мекендин” келечеги белгилүү болду окшойт. Берки фракциялар менен тил табыша аласызбы? Анткени “Кыргызстан” фракциясынын лидери менен көз караштарыңыздар төп келбейт эмеспи.

— Биринчиден мандат колго тийсин, тийгенден кийин жооп берейин. Атыла элек аюунун терисин кыялданбай туралы.

— “Коалицияга кирүүдө биздин талаптарыбыз бар. Ошол талаптарга макул болушса гана коалицияга киребиз”-деп айттыңыз. Ал эмне болгон талаптар?

— Кандай талаптар болот, ал сүйлөшүүнүн негизинде гана чечилет да. Эң негизгиси үч нерсени айттым. Биздин программаларды кабыл алышсын, Өкмөттүн түзүмү жана мүчөлөрү жөнүндө сүйлөшүшүбүз зарыл.

— Азыркы өкмөттү таратыш керек деген ойду айтайын деп жатасызбы?

— Андай эмес, мен өкмөттүн түзүмүн карап чыгышыбыз керек, мындай түзүм болбойт деп айтып жатам. Өкмөттүн курамындагы министрлердин кимиси иштейт же иштей албасын бир жылдын ичинде көрбөдүкпү. Жаңы министрлер келсин, иштей албагандарды жолуна салганыбыз туура.

— Коалицияга киргизип, андан кийин сизди премьер-министрлик кызматка көтөрүү иштери сүйлөшүлүп жатат деген сөздөр чыгууда. Эгер сунуш болсо барасызбы?

— Премьер-министрдин маселесинен биринчи коалицияга киришибиз керек. Андан кийин маселе талкуулана турган болсо ар кандай варианттарды карап көрсөк болот.

— Негизи премьер-министр болуу ниетиңиз барбы?

— Премьер-министр болгон адамдын колу бир топ узун болот. Өзгөчө экономика тармагында премьер-министрден көп нерсе чечилет. Өкмөт башчынын ишмердүүлүгүнөн, чечкиндүүлүгүнөн көп нерсе көз каранды. Анын планы бир же алты айлык эмес, 5 жылга карата түзүлүп иштеши зарыл. Премьер-министр өкмөттү баштап бараткан көч башы. Көчтүн башын адам кандай башкарса, ошого карап экономикабыз өнүгөт.

— Бул сөзүңүздү “Өмүрбек Бабанов өкмөттүн көчүн баштоо ниети бар”- деп түшүнөлүбү?

— Парламентке келген ар бир партия бийликке жетип, өкмөттү башкарайын деп келет. Мындай ниет, үмүт бизде гана эмес, ар бир фракцияда бар.

— Премьер-министрлерди жыл сайын кол жоолуктай алмаштырып жатабыз. Бул Кыргызстанга зарылбы же системаны алмаштырышыбыз керекпи?

— Бирден-бир шайлоо системасындагы партиялардын келүүсү 7%дан 9%га көтөрүлмөйүнчө дайыма ушундай окуя кайталанып, өкмөт таркап, жаңысы келе берет. Бүгүнкү күндө бир да партия өзүнчө өкмөт курай албайт. Эки партия, СДПК менен биз гана түзө алабыз. Мындайча айтканда үч же төрт партия түзө алат. Кечээки эле коалициянын мүчөлөрү комитеттин төрагасы мындай болду, тиги министр минтип иштеди деп кичинекей таарынычка таянып жатып чоң маселелер чечилбей калган. Майда таарынычтарды коё туруп, мамлекеттин бүтүндүгүн ойлонушубуз керек. Жогорудагы айтып кеткен нерселер бир комитет чечилбесе же дагы башка майда иштер болуп кетсе чоң иштерге тоскоол болбоого тийиш. Конституцияга өзгөртүү киргизип жатканда “премьер-министрди кетирип жатканда депутаттардын үчтөн эки депутаттар өз колдорун кагазга коюп анан кетирсин”-деп сунуш бергенбиз. Анткени тигил же бул барат деп лидерлер эле баарын чечип койчу. Мен өкмөт башчы болуп иштедим го. Өкмөттү кетиргенде бир гана адамды эмес, чоң экономикалык саясат башка жактарга бурулуп кетип жатпайбы.

— Сиздин премьер-министрлик тагдырыңыздын “кантип чечилгени” тууралуу Өмүрбек Текебаев ачык эле айтып чыкпадыбы? Эки эле адам чечип коюптур го?

— Тарых өзү кимдер тагдырды кантип чечкени тууралуу өз баасын берет турбайбы. Кыргыздар кыңыр иш кырк жылда билинет дегендей кеп да.

— Таасириңиз өсүп жаткандыгынан улам сизди алсыздандыруу үчүн СДПК сүйлөшүүгө барып, коалицияга киргизип жаткан жокпу?

— СДПК менен биздин фракция балким кээ бир жерде саясый атаандаштырбыз. Бирок, мамлекеттин өнүгүшү үчүн өнөктөш партияларданбыз. Көп жерде көз караштарыбыз туура келет. СДПКнын башында Алмазбек Шаршенович турат. Президентибиздин көз карашы бирөөнү алсыратып, кемсинтүү жөнүндө болбосо керек. Мамлекет үчүн жакшы иштерди жасап кетейин деген ой менен жасалып жаткан иштер болсо керек деп ойлойм. Ал киши 20 жыл оппозицияда жүрүп баарын көрдү. Өзү бийлик кеткенден кийин мамлекеттин абалы кандай болгонун көрүп жүрөт. Көбүрөөк ушул багытта ойлонуп жатса керек. Биз менен СДПК же биз алар менен бир болсок чоң күч болобуз.

— Жогорудагы сиз айтып кеткен “майда-чүйдө” бирок чоң иштерди уратууга себеп болгон сөздөрдүн баары СДПКдан чыгып жатпайбы? Сиздер биригип чоң күчкө айлангандан кийин мындай иштер болбойт деп ишенесизби анда?

— Адам болгондон кийин баардык нерсе болот экен. Мурунку чакырылыштын депутаттарына караганда азыркы чакырылыштын депутаттарынын даражасы бир топ жогору. Ошентип жатып парламентаризм өсөт.

 Баян КУЛОВА

Булак: “Жаңы ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 10 + = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: