Menu

Канат Исаевди “Кыргызстан” фракциясынын лидерлигинен кетиришти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-октябрда КР Жогорку Кеңешинин “Кыргызстан” фракциясынын жыйынында фракциянын лидери Канат Исаевди лидерликтен кетиришти.

Канат Исаев муну конституциялык реформаларга каршы болгондугуна жана бул маселеде анын позициясы “Ата-Мекен” менен “Өнүгүү” фракцияларына окшош экендигине байланыштуу өз каалоосу менен кеткен таризде айтып түшүндүрүүдө.

Бирок, мындан эки жума мурун эле Канат Исаевдин Бакыт Төрөбаев жана Өмүрбек  Текебаевдер менен болгон сүйлөшүүлөрүн, анда “мен да силерге кошулам, бул менин байкелерим бири да сөзүнө турбаган адамдар экен…” деген нааразычылыгын атайын кызматтар тыңшап жазып алган. Анан албетте ал жазууну Атамбаевге жеткиришкен. Ал кишинин ачуусу кайнап, Канат Исаевдин тагдырын чечип коюучу керектүү кишилерди чакырып “тез арада “Кыргызстандын” лидерин алмаштырасыңар” деп тымызын буйрук бергени сөз болгон. Ошондон бери бул чечим күтүлүп жаткан болчу. Бүгүн ал буйрук ишке ашты. Албетте “карышкыр да аман, кой да аман” дегенчелик иштин тынчыраак бүткөнү жакшы болуптур.

Канткен күндө да Канат Исаев эми бийликке каяша айтканга духу жеткен, өз позициясы бар, дайыма эле бийликке обу жок кошоматтана бербеген инсан катары белгилүү болду.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 69 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: