Menu

Алмаз Атамбаев: “Акыркы шайлоодо көп партиялар өз шайлоочуларын алдап кетишти”

Бөлүшүү:

“Акыркы шайлоодо көп партиялар өз шайлоочуларын алдап кетишти. Чынында тизме боюнча шайлоого жаштар, аялдар, ар кандай этностордун өкүлдөрү бар болчу. Ал эми шайлоодон кийин парламентке акчалуу адамдар гана келишти. Бул парламент өз мөөнөтүнүн аягына чейин иштеши керек. Бирок кийинки шайлоодо силер сыяктуу адамдарды депутаттыкка талапкерлердин тизмесине киргизе башташат», – деп билдирди  Алмаз Атамбаев бүгүн, 28-октябрда «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясындагы «Эне-Сай» кабыл алуу үйүндө  өлкөнүн жогорку окуу жайларынын эң мыкты студенттерине президенттик стипендияларды тапшыруу учурунда.

“Бүгүн залда олтурган студенттер болочоктогу өлкө элитасынын негизин түзөт. Анткени уурдалган акчага мыйзамсыз байып, элита болуп алышкан адамдардын мезгили бүтүп баратат. Азыркы парламент өз мөөнөтү бүткүчө жакшы мыйзамдарды, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесине талапты күчөткөн, өзгөрбөс тизмени талап кылган мыйзамды да кабыл алат деп ойлойм”, – деди Алмаз Атамбаев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: