Menu

Алмаз Атамбаев: “Мындан 1000 жыл илгери араб эли үчүн жазылган эрежелерди элге таңуулаган чала молдолор биздин башыбызга түшкөн чоң балакет”

Бөлүшүү:

«Бүгүн биз пайдаланып жаткан араб сандары, алгебра, алгоритм, мунун баары араб сөздөрү. Эң алгачкы университет Мароккодогу  Фес шаарында негизделген жана европалыктар барып мусулмандардан окушкан. Пайгамбарыбыз Мухаммеддин осуяттарында бир саат билим алуу бир түнкү сыйынууга барабар деп айтылат. Бирок ал кезде молдолор жеңип кетип, адамдарды Куранды жөн эле жаттоого мажбурлашкант», – деп билдирди  Алмаз Атамбаев бүгүн, 28-октябрда «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясындагы «Эне-Сай» кабыл алуу үйүндө  өлкөнүн жогорку окуу жайларынын эң мыкты студенттерине президенттик стипендияларды тапшыруу учурунда.

“Акыркы жүз жылдыкта 2 гана мусулман өлкөлөрүнүн өкүлдөрү Нобель сыйлыгын алышкан. Бул исламды такыр эле түшүнбөгөн, мындан 1000 жыл илгери араб эли үчүн жазылган эрежелерди элге таңуулаган чала молдолор менен имамдардын кесепети. Бул биздин башыбызга түшкөн чоң балакет. Кыргызстан мусулмандары бир саат билим алуу бир түнкү сыйынууга барабар деген пайгамбарыбыздын осуятын эстен чыгарбоосу керек. Мен муну сакал коюуну жана арабча сүйлөгөндү акыркы кезде жаштар мода көрө баштагандыктан айтып жатам», – деди Алмаз Атамбаев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: