“Менден көп адамдар сурап жатышат, “Атамбаев эмнеге Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө жанталашып жатат, анын эмне кереги бар?” деп. Быйыл март айынын аягында Атамбаев бизге, фракция лидерлерине “Конституцияны өзгөртпөш керек” деп айткан. Анан эмнегедир бир жумадан кийин эле, мен “Убактылуу өкмөт” деген китебимдин бет ачарын өткөргөндөн кийин Атамбаев Убактылуу өкмөттүн, анын ичинде менин беделимди түшүрүүнү чечти. Анткени менин китебимден Атамбаев өзү тууралу алгылыктуу эч нерсе тапкан жок. Анткени мен китептерди документтердин негизинде жазгам, а документтерде, фактыларда Атамбаев жок болуп чыкты. Ал Убактылуу өкмөттө болгон, бирок, документтерде, фактыларда, чечүүчү моменттерде ал негедир катышпаган. Жок нерсени мен кантип жазам? Ал чечүүчү моменттерде бир жака кетип калган, келбеген, иши кылып катышпаган, ошентип документтерге түшпөй калган. Мен анан китепке Атамбаевдин сүрөттөрүн көбүрөөк киргиздим. Бирок, документтерден, фактылардан тапкан жокмун. Китебимден өзүн таппагандан кийин Атамбаев дароо Конституция боюнча эксперттик топ түзөт. Ал Убактылуу өкмөттүн баардык мүчөлөрүнүн беделин түшүрүү аракетин баштайт. Ушундай жол менен гана ал өзүнүн Кыргызстандын жаңы тарыхындагы ролун көтөргүсү келет. Ал түзгөн эксперттик топ Атамбаевдин көңүлүндөгүдөй корутунду чыгарып берет. Атамбаев эми жаңы мамлекеттик моделди сунуш кылууну чечет жана сунуш кылат. Бирок, ал сунуш кылып жаткан модель бул эски модель. Атамбаев адам укугунан мамлекеттин укугун жогору койгусу келет. Бул тоталитардык мамлекеттин эң биринчи белгиси. Түндүк Корея да мындайды ачык айтпайт”
Булак: “Заноза”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ