Menu

Өмүрбек Текебаев: “2010-жылы Убактылуу өкмөт 1993-жылдагы Конституцияга эле кайталы деп туруп алышты, мен Темир Сариев менен Атамбаевге “анда силердин завод-фабрикаларыңар, гектарлаган жерлериңер элге кайтарылып берилет” десем өзгөрүштү…

Бөлүшүү:

“2010-жылы 18-майда эрте менен мен Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө жаңы Конституция жазылып бүткөнүн жарыялап, талкууну баштоону сунуш кылдым. Ошол учурдун драматизмин силерге айтып берейин. Бирок, Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн көпчүлүгү каршы чыкты. “Балким жөн эле койбойлубу, жаңы Конституцияны кабыл албай эле койбойлубу, эскиси менен эле жашай бербейлиби” дегендер болду. Убактылуу өкмөттүн бир нече мүчөсү “азыр иштеп жаткан (2007-жылдагы) Конституция деле жакшы” деп чыгышты. Бекназаровдун болсо өзүнүн варианты бар болчу, ал иштеп жаткан 2007-жылдын конституциясын  жокко чыгарып, 1993-жылдын Конституциясына кайтып келүү боюнча Декрет даярдап алыптыр, ошону сунуш кылды. Биз, жаңы Конституция кабыл алыныш керек дегендер азчылыкты түзүп калдык. Мен, Дүйшөн Чотонов жана Болот Шер үчөөбүз эле. “Ата-Мекен” партиясынын үч мүчөсү гана. Иса Өмүркулов олку-солку болуп туруп калды. Роза Отунбаева эки жака тең тартпастан ортодо турду. Аябай драматизмге жык толгон абал түзүлдү. Анан биз аппараттын кызматкерлерин жана журналисттерди сыртка чыгууну сурандык. Алар чыккандан кийин да биз көпкө талашып-тартыша бердик. Анан мен бир компромисс сунуш кылдым, мен ушул жерден бардык сырларды ачык айта албайм, анткени ал жерде катышкандардын айрымдары азыр да мамлекеттик кызматтарда иштеп жатышат. Бир гана нерсени айтайын, ошол учурда мен Темир Сариев менен Алмаз Атамбаевге айттым “Силер бай кишилерсиңер, завод, фабрикаларыңар бар, чоң-чоң, 100 гектарлаган жер участокторуңар бар. Эгер азыр Азимбек Бекназаровдун вариантын кабыл алып, 1993-жылдагы Конституцияга кайрылып келсек эмне болот? Анда жерге болгон жеке менчик жокко чыгарылат. Баардык менчиктер кайрадан жалпы элдики болуп калат. Байлыктардын баарын кайра бөлүштүрүшүбүз керек болот. 1993-жылы элдин баары менчиктештирүүнү, жерге болгон менчиктин баасын түшүнө бербеген. Ал эми азыр баары түшүнүп калышты. Эгер кайра бөлүштүрүү боло турган болсо биз акылдуу болуп калдык, ар бир адам өзүнүн энчисин алып калганга аракет кылат. Жарандык согуш болот, силердин завод-фабрикаларыңар, гектарлаган жерлериңер кайра тартып алынып, элге бөлүнүп берилет” дедим. Унчукпай ойлонуп калышты, анан гана алар менин аргументтериме макул болушту. Анан Убактылуу өкмөт мүчөлөүрүнүн ар бири менен бир-бирден сүйлөшүп, ушундай өз-өзүнө ылайыктуу аргументтер менен жаңы Конституцияга көндүрүп чыктым. 18-майдын таңында башталган талкуу күнү-түнү жүрүп, 19-майдын таңында бүттү. Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн баары макул болушту. Азыр баардык сырларды ачпайм, бирок ар бир Убактылуу өкмөт мүчөсү менин аргументтеримен өзүнүн саясый келечегине үмүт алышты…”

Булак: “Заноза”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − 81 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: