Menu

Жаңы коалицияга кимдер кирет?

Бөлүшүү:

Президент Алмазбек Атамбаев кечээ парламентте башкаруучу коалиция түзүү милдетин кайра эле КСДП фракциясына тапшырды. Парламенттеги башкаруучу коалициянын лидери Канат Исаев ке­чээ коалиция тараганын расмий жарыялап, аны КСДП фракциясы биримдиктен чыгып кетиши менен байланыштырган. Мындан соң президент Алмазбек Атамбаев өкмөттү отставкага кетирүү жарлыгына кол койду. Эми парламентте жаңы коалиция куралганча, өкмөт курамы милдетин аткаруучу бойдон кала берет.

Президенттин кечээги да­гы бир жарлыгы менен ошентип коалиция түзүү мандаты дагы эле социал-демократтар фракциясына ыйгарылды. Ага жараша эми бул фракция 15 жумушчу күн ичинде Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияны курап, премьер-министрлик кызматка талапкер көрсөтүлүшү керек.

Жаны коалиция КСДП, «Кыргызстан» жана «Республи­ка – Ата-Журт» фракцияларынан куралышы ыктымалдыгы буга чейинки коалиция тарашы боюнча сөз чыкканы, жаңы саясий сезон старт алган күз башынан бери эле айтылып келатат. Ак үй жактан чыгып жаткан соңку бейрасмий кабарларга караганда, эгер андай болсо РАЖ Билим берүү жана илим министрлигине мурда ушул тармакта министр болуп кеткен Камила Шаршекееваны түртөт. Ошондой эле Бабанов «Кыргызнефтегаз» ишканасына депутат Нургазы Нишановду сунуштап атыптыр. Анын депутаттык ордуна мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиев келет. Бул парламентке Өмүрбек Текебаевге каш кайтарып, каяша айта алчуларды топтоо сценарийинин
бир бөлүгү. Ансыз деле Ак үйдүн булуң-бурчунда Рысалиевди Текебаевге каршы «үрөсүң» деген талап менен парламентке алып келатышканы тууралуу сөздөр чыгууда.

«Өнүгүүдөн» калган айыл чарба министрлиги да РАЖга тийчүдөй. Бабанов ага кошо миграция кызматын да сурап атыптыр. Бул эми бир вариант. Акыркы шыбыштарга кулак төшөсөк, бул вариант өзгөрүп, Бабанов баштаган фракция бул ирет да көпчүлүк коалициядан четте калышы ыктымал. Ан­дай болсо КСДП менен «Кыргызстан» «Бир болду» кошот да, 64 депутат менен коали­ция курайт. Мындай кадамга Өмүрбек Бабанов шайлоо алдында элге берген убадаларын ишке ашыруу программасын башкалар колдосо гана сүйлөшүүгө барарын айтып, өзүнчө ультиматум коюп кыйыктанып жатканы да себеп болгондой. Бирок азыркы шартта биринчи сценарий ишке ашуусу ко­бүрөөк реалдуудай.

Кандай коалиция түзүлсө да, баары бир КСДП азырынча «үйлөп жаткан чоорун» башкага кармата койбойт. Андыктан Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчылык кызматында кала берет, ЖК төрагасынын орду да Чыныбай Турсунбековдон башкага ыроолонбой турган болду. Канат Исаев спикер болууну ичинен көздөп турганы менен өткөндөгү шайлоодон кийин биротоло кадырын түшүрүүнү тобокелге салган жок. Негизинен эски-жаңы өкмөттө бул ирет олуттуу де­ле өзгөрүү болбосу айкын бо­луп калды.

Булак: “Де факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − 50 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: