Menu

«Кыргыз почтасы» Мамлекеттик ишканасынын айылдык бөлүмдөрүнө инкассатор автоунаалары берилди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Мухамметкалый Абулгазиев 29-октябрда, «Кыргыз почтасы» Мамлекеттик ишканасынын райондук филиалдарынын жетекчилерине инкассатор автоунааларын берүү боюнча салтанаттуу иш чарага катышты.

Аталган автоунаалар «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын филиалдарынын финансылык кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү долбоорунун алкагында, Эл аралык өнүгүү ассоциациясынын колдоосу менен 200 АКШ долларына алынды.

Долбоор финансылык тейлөө менеджментин жана  «Кыргыз почтасы» мамлекеттин ишканасынын 400 айылдык бөлүмдөрүн модернизациялоону, анын жыйнытыгында бардык аймактарды банктык тейлөөгө өткөрүү максатын көздөйт.

“Мунун менен аймактык тургундар да ыкчам банктык тейлөө кызматтарын пайдаланып, коммуналдык чыгымдарды банк карточкалары аркылуу төлөп, заманбап тейлөө системасына кошулат”, – деди Мухамметкалый Абулгазиев.

Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында почта тармагына ушундай көлөмдө инкассатор унааларын берүү биринчи жолуп болуп жатканы айтылды.

“Лада 2114” (Нива), үлгүсүндөгү сатылып алынган унаалар GPS навигаторлору менен толукталган, убакытты жана күндү белгилөөчү видео каттоо жана акчалай каражаттарды ташуучу атайын темир кейстер менен жабдылган.

Биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Мухамметкалый Абулгазиев «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасында финансылык сегменттерди реформалоо долбоорун ишке ашыруу, ишкананын жаңы технологиялык деңгээлге чыгуусуна жана атаандаштыкка туруштук берип, почта жана финансылык тейлөөлөрдө рынокто эффективдүүлүгүн артырууга жол ача турганын билдирди.

Жыйнытыгында  Мухамметкалый Абулгазиев “Кыргыз почтасы” ишканасынын райондук филиалдарынын жетекчилерине “Лада 2114” (Нива) инкассатор унааларынын ачкычын тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 + = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: