Menu

Орусиянын суу алдында жүрчү үч кемеси Сириянын жээктерине багыт алды

Бөлүшүү:

Орусиянын заманбап ракеталар менен куралданган суу алдында жүрчү үч атомдук кемеси Сирия жээктерине багыт алган орус аскер-деңиз флотунун ыкчам тобуна кошулду.

Британиялык The Sunday Times гезити Улуу Британиянын аскер-деңиз флотунун кемелери Түндүк Атлантика сууларына түшүрүлгөн «Акула» классындагы суу алдында жүрчү эки атомдук жана «Кило» классындагы дизелдик кемелерге байкоо салып жаткандыгын жазды. Гезиттин маалыматы боюнча үч кеме тең өткөн аптада Мурмансктагы порттордон чыгышкан.

Макалада Батыштын Орусия президенти Владимир Путин Алеппону «биротоло кыйратчу соккуларды» жасоо буйругун бериши мүмкүн деген божомолдорго тынчсызданып жаткандыгы айтылат.

Өткөн жумада Путин Алеппого сокку узатууларды калыбына келтирүүнү максатсыз деп эсептей турганын билдирген.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: