Menu

Таабалды Тиллаев, ЖК депутаты: “Икрам Илмиянов жөнүндө сөздөр чын болсо, анын районунан башка бир дагы депутат чыкмак эмес да…”

Бөлүшүү:

Оо бир кезде ыраматылык Докебиз (Дооронбек Садырбаев): “мурдуна бок сүйкөлгөн кайран кыргыз элим, сага кашык каным калганча кызматымды кылам”,-деген сөздү көп айтчу. Бул кишиге минтип айткан жарашат, анткени ал өмүрүнүн акыркы саатына чейин чындыкты жүрөгүнөн, оозунан түшүргөн жок. 

Эми тарыхта андай сөзгө өтүмдүү, калыстыктан тайбаган депутаттын чыгар-чыкпастыгы арсар көрүнүш. Ошентсе да, азыркы парламентте Докенин жолун жолдоп, акыйкат сөздү айтууга батына алган жаш депутаттар пайда болду. Анын бири – Таабалды Тиллаев. Бүгүн биз депутат менен өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды талкууга алдык.

– Таабалды мырза, депутаттык жолго чыкканыңыздарга жакында бир жылдын жүзү болуп калыптыр. Бул аралыкта элибиздин турмуш-тиричилигин оңдоого жакындан салым кошкон кандай мыйзам долбоорлорунун демилгечиси болууга жетиштиңиз?

– Туура айтасыз, бир жылдык убакыт аздай көрүнгөн менен, биз аны тынымсыз мээнет, күжүрмөн эмгек менен сарптагандай болдук. Себеби, өлкөнүн өнүгүшү үчүн зарыл мыйзамдардын үстүнөн иштеп, анан аны палатадан талашып-тартышып олтуруп, убакыттын өтүп жатканын да сезбей калат экенсиң. Мен өзүм катышкан бардык мыйзамдар жөнүндө айтып олтурбай, арасынан бир-экөө орчундууларына гана токтоло кетсем. Сиздер жакшы билесиздер, парламенттик шайлоого барганда биздин партия элге бир топ убадаларды берген. Биз үчүн мына ошолордун өтөөсүнө чыгуу баарынан маанилүү эле, себеби ал демилгелер аркылуу эл турмушун жеңилдетүү реалдуу көрүнүш экенин билебиз. Мына ошондой убадалардын бири – Жогорку Кеңештин депутаттарынын артыкчылыктарын жоюу багытында. Депутаттарды кармап турууга кеткен олчойгон каражат ансыз деле араңжан турган бюджетке артыкбаш жүк. Мен да демилгечилердин катарында сунуштаган “ЖК депутаттарынын артыкчылыктарын жоюу жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окуудан өткөн. Бирок бул маселеге караштуу биздин бир катар демилгелер Жогорку Кеңештин токтому катарында жүзөгө ашырылды. Ошондо жардамчылардан, айдоочулардан баш тарттык, биздин фракция буга кошумча кызматтык батир да алган жокпуз. Экинчи  дагы бир маселе, биз өлкөбүздөгү дыйкан-фермерлерге арзандатылган 7 пайыздык кредит берүүгө күч жумшай турганыбызды айтканбыз. Бул багытта мыйзам биринчи окуудан өткөн, буюрса келаткан жылдан баштап дыйкандар арзан кредит менен камсыз боло башташат. Мындан тышкары мен аймактарды өнүктүрүү жаатында мыйзам долбоорун киргизгем, ага ылайык, Бишкек жана Ош шаарларынан башка аймактарга жер салыгын жергиликтүү бюджетке толук калтыруу маселеси каралган. Муну менен айыл элине кошумча шарт түзүлүп калат. Дагы бир мыйзам жалпы билим берүү мекемелеринде көп тилдүүлүктү киргизүү. Бул заман талабына ылайык сунуш, кыргыз жана орус тилдеринде гана окута бербестен, чет тилдерди да кошуу жагы айтылып жатат. Бул балдарыбыздын келечеги үчүн өтө маанилүү нерсе. “КР айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө”, “ММК жөнүндө”, “КР Салык кодексине”, “КР Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдарына өзгөртүү-толуктоолорду сунуштаган демилгечилердин катарындамын.

– Ар бейшемби күнү Жогорку Кеңештин жыйынында “Ар кандай маселелер” каралат. Аны айрымдар жеке өзүн пиар кылуу үчүн колдонсо, көпчүлүк депутаттар элет элинин көйгөйүн көтөрүп, өкмөткө тапшырма беришет. Мында айтылгандардан бирок натыйжа чыкканын көргөн жокпуз. “Депутаттар айта берет, өкмөт жүрө берет”,- дегендей көрүнүш өкүм сүрүп жатат. Сиз да көп көйгөй көтөрөсүз. Жыйынтык чыкканын байкадыңызбы?

– Жашырган эмне, андагы көтөрүлүп жаткан маселелердин көпчүлүгү аткарылбайт! Ошентсе да биз улам талапты катуу коюп, эч болбосо өзүбүз көтөргөн маселенин аткарылышын көзөмөлгө алууга аракет жасап келатабыз. Ошентип олтуруп, айрым маселелер боюнча жылыштар болуп калат. Маселен, пленардык жыйындын “ар кандай маселелер” бөлүгүндө мен “Лейлек” эркин экономикалык аймагы жөнүндө маселе көтөргөм. Бул аймакта иштегиси келген инвесторлор көп болуп жатканы менен, биз аларга керектүү электр энергиясын керектүү өлчөмдө камсыз кыла албай жатабыз. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, жаңы ишканалар ачылса жергиликтүү калк үчүн кошумча жумушчу орундар түзүлөт да. Светти ушу тапка чейин Тажикстандан алабыз, а алар аны керектүү өлчөмдө жеткизбейт. Бул маселени көтөрүп олтуруп, акыры ал келерки жылдын бюджетине “Лейлек районундагы Арка массивин электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртуу” долбоору аркылуу киргизилип, 964,1 млн сом каралды. Дагы бир көйгөйлүү маселе – Баткен облустук ооруканасында томографиялык аппараттын жоктугу өз убагында анализ тапшырып, ооруну дарылоодо тоскоолдуктарды жаратууда. Андай аппарат 500 миң доллардын тегерегинде турат. Өкмөт ушул маселеге көңүл бурса, алыскы Баткен облусунун калкына эзели өчкүс ыраазычылык иш кылган болот эле. Өкмөттүн көңүлүн Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлеринин биздин жарандарга өтө корс мамиле кылып келатканына бургам. Расмий эмес маалыматта 1 миллионго жакын жарандарыбыз ошол жакта. Аларга ар тараптуу жардам керек болуп калат. Бирок ишенип элчиликке барышса, алар түшкө чейин гана иштеп, жаап кетип калышат. Башкача айтканда, өз өлкөбүздүн жарандарына кыйынчылык түзүлүп жатат. Нааразычылыгын айта турган болушса, тескери тонун кийип алышат экен. Ошондуктан, элчиликтин кызматкерлерин ордуна коюш керек. Алар күнү-түнү иштей тургандай шарт түзүү абзел. Андан ары мен өз өмүрүн башка сайын, чоң трагедиядан канча адамды сактап калган Бүркүт Абдырахмановго эмнеге “Эрдик” медалын бербегендерине кызыгып, кайрылдым. Бишкекте бензовоздун жарылуусунан чыккан кырсыкты билесиздер. Бул киши газ түтүгүн жабууга үлгүргөн, а бирок өзү курман болду. Артында 7 баласы калды, жубайы “Баатыр эне” экен. Бүркүт аванын эрдигин даңазалап, “Эрдик” медалын берүүгө эмнеге болбосун? Өтө маанилүү маселелердин бири катары мен убагында менчиктештирилип кеткен бала бакчалар имараттары тууралуу маселе көтөргөм. Алардын кандай жагдайда жеке адамдарга берилип кеткенин анализдеп чыгып, мүмкүнчүлүк болсо кайтарыш керек. Бала бакчанын жетишсиздиги Бишкекте, Ошто курч, а айылдарда жок да. Өкмөт айласын таап, айрыкча айыл жергесин бала бакчалар менен камсыз кылуусу шарт.

– Айрым эксперттер парламентти партиялык тизме менен куроо принцибине каршы чыгып, “мындай абалда элет элинин укугу корголбой калат”,- деп айтышууда. Сиздин да кичи мекениңиз бар. Парттизме менен шайланып келген шартта, өз кичи мекениңизге пайдаңыз тийбей калат бекен ошондо?

– Өзү партизме – бирдиктүү республикалык округ дегенди билдирип тургандыктан, биз бир гана айылыбызды ойлобостон, жалпы Кыргызстандын көйгөйлөрүн чечүүгө көбүрөөк убакыт коротобуз. Анткен менен, албетте, өз жергебиздин көйгөйү болсо, аны айтып, жеткизип турабыз. Биздин фракция оппозицияда калып кетпедиби. Жада калса бир дагы комитетти ыраа көрүшпөдү. Ошого карабастан биз элге керектүү мыйзамдардын үстүнөн иштедик. Бул жагынан элдин алдында жүзүбүз жарык. Куру сөздөн качып, элге берген убадалардын өтөөсүнөн чыгуунун үстүндө улам жылып, иштеп келатабыз.

– Бирок, азыр “Республика – Ата Журтка” ыңгайлуу учур келип турат. Азыр КСДПнын чыгышы менен ыдырап кеткен коалиция көзү тирүү турганда эле “республика-ата журчтулардын коалицияга кирүүгө эки көзү төрт”,- деп айтып келатышты эле…

– Мындай сөздөрдүн чыгышына негиз жок. Эч нерсени көздөгөн жокпуз. Оппозициялык фракция болсок дагы, өз милдетибизди так аткарып жатабыз. А коалицияга жөн эле күйөөгө тийгендей кошулуп албайт да. Анүчүн эң негизгиси, биздин койгон талаптар менен альянстын башка мүчөлөрү макул болушу керек. Биздин элге берген убадаларыбыз, өзүбүздүн программабыз бар. Ошонун негизинде гана сүйлөшүүгө барып, алар кабыл алса, анан кошулуп, иштесе болот.

– Анткен менен, “Республика – Ата Журтту”: “оппозиция болуп деле жыргатышкан жок булар”,- деп көрүнгөн бурчтан сындап жатышат…

– Мен буга кошула албайм. Оппозиция дегенде эле көпчүлүгү эскиче ойлонушат. Алардын баамында, оппозиция кыйкырып-өкүрүп, эби келбесе да сындап турушу керек. Биздин милдет – бул жаатта жаңы маданиятты калыптандыруу. Б.а. ызы-чуу, митинг-пикеттер жолунан кайтуу керек. Эл талабын кыйкырып-өкүрбөй эле аткартса болорун биз оппозициялык фракция катары далилдеп келе жатабыз. Башында бир да комитетти ыраа көрбөй, бара-бара биздин сын-пикирлерге ынанышып, айткандарыбызды аткарууга аракет жасай башташты. Конституцияда расмий оппозициянын милдети кандай болсо, аны биз так аткарып, элибиздин мүдөөсүн көздөп келе жаткан учурубуз. Кээде жан кашайганда катуу айткан деле кездер болот. Жалпысынан, биз үчүн эң башкысы – эл көйгөйүн чечтирүү.

– КСДПнын коалициялык келишимден чыгып, аны бузганын көпчүлүгү Атамбаев менен Текебаевдин тирешүүсүнө байланыштырып жатышат. Сиз дагы ушундай ойдосузбу?

– Туура, менин оюмча, коалициянын урашына эң биринчи кезекте ушул тирешүү түрткү болду. Андан кийинки чоң себеп – коалициялык келишимдин ичиндеги көптөгөн маселелердин чечилбегендиги. Бул тирешүү орун ала электе эле коалициялык келишим толук аткарылбай жаткандыгы айтылып, талаш-тартыштар орун алган. Бири-бирине дооматтар коюлчу. Мына ушул ички чарбалык маселелери да анын ыдырашына жол ачты. Албетте, негизги маселе КСДП менен “Ата Мекендин” депутаттарынын бири-бирине коюп келаткан кинелеринде болуп жатат. Алар мародёрчулук, өзбек сепаратисттеринин качып кетиши, банк кутучаларындагы акчалардын тонолушу боюнча кайым айтышып, бүтпөй келе жатышат. Баштап, бул маселени президент Алмазбек Атамбаев 31-августта айтары менен, тийешелүү органдар дароо аны иликтөөгө алып, эмгиче ким ак, ким кара экенин коомчулукка далилдүү фактылар менен жайып коюушу зарыл болчу. Өлкө башчысы айтып аткандан кийин ошол эле Башкы прокуратуранын оозуна талкан салып алгансып, үн катпай, маселени колго алып иликтеп, чындыкты ачууга кызыкдар болбой жатканы мени таң калтырууда. Эгер бул маселелерге чекит коюлса, коомдогу чыңалуу да азайа түшмөк да.

Сиздин оюңузча, чындык азыр чабышып жаткан эки тараптын кимисинде?

– Мен буларды эки тарап деп эч бөлүп карай албайм. Анткени, булар бир команда, чогуу болуп келишпеди беле. 2010-жылдагы бийлик алмашууга алып келген окуялардан бери чогуу-чаран эле өлкөнү башкарып келатышат го. Жада калса премьер-министрлерди кантип кетириш керектигин дагы булар чогуу чечип жүрүшкөнү айтылды го. Азыр гана өз кызыкчылыктары дал келбей калгандыктан өчөшүп, душмандашып жатышат. Мына чыныгы патриот, эл үчүн күйүшөт экен, анда эмнеге булар азыр айтылып жаткан нерселерди ошончо мезгилден бери жашырып келишкен? Таза, чынчыл болсо эмнеге азыр дагы баарын толук айтпай, оюн кылып жатышат?

– Булардын чыры Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесинен башталып кетпедиби. Сиз бул демилгени колдогондордун катарындасызбы?

– Мен колдоп добуш бердим. Эгер унута элек болсоңуздар, парламенттик шайлоодо эле биз баш мыйзамды өзгөртүү оюбузду ачык айтканбыз. Анда бизге баары каршы чыгышкан. Азыркы Конституция өлкөнүн өнүгүшүнө тормоз болуп берип жатканын далилдеп бергенбиз. Шайлоодо бийлик партиясынан гана утулдук. Ошондо эле биздин бул демилгени колдоп, бизди шайлады да. Конституцияга зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу биз өз программабызды аткарууга жол ачабыз, ошондуктан биздин фракция аны колдодук. Азыркы өзгөртүүлөр баарынан мурда өкмөттүн туруктуу иштешине жол ачат. Биз 6 жылда 7 премьерди алмаштырдык. Мындай шартта кайсы өнүгүү тууралуу сөз кылууга болот? Ушунун өзү эле терс таасир берип атат да. Жаңы баш мыйзам боюнча премьер-министрдин укуктары кеңейтилет. Мына азыр баары президенттин бийлигин узартуу үчүн жасалып жаткан нерсе катары муну кабылдап жатпайбы, кана көрсөтүп бергилечи, каерде ошондой жери бар? Бул жөн гана саясат үчүн сүйлөнүп жаткан куру сөздөр. Өзгөртүүлөр чыныгы сот реформасына да жол ачат. Буга чейин соттор кабыл алган чечимдери үчүн жоопкерчилик тартчу эмес. Анын айынан канчалаган адамдардын тагдырдарын талкалашты. Эми андайга жол берилбейт, туура эмес чечим кабал алган сот жоопкерчилик тартат. Алар андан кийин сот тармагында иштей албай калат.

– “Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда көзгө көрүнбөгөн “миналар” бар. Президент ал аркылуу бийликтен кеткенден кийин да Польшадагы Качиньский сыяктуу өлкөнү дачада жатып алып башкаргысы келет”,- деген сөздөр бар. Балким, ушул кепте да чындык бар болуп жүрбөсүн?

–  Мен муну жөн гана саясий чайкоочулук катары кабыл алам. Жеке мен баш мыйзамдын жаңы долбоорунан андай “минаны” көргөн жокмун. Эгер “мина” бар болсо, ошол кайда экенин эмнеге айтпай жатышат? Анан президентте азыр өзү каалагандай өзгөртүүнү талап кылгандай анын партиясынын жалгыз чечим кабыл ала тургандай деле күчү жок. Алардын добушу өз алдынча чечим кабыл алууга жетпейт. Башкалар менен сөзсүз эсептешет. Ушундай шартта буга окшогон нерселер бар болсо, калкып чыгып калмак да.

– Таабалды мырза, мына сиз “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү сунуштап чыктыңыз. Биз, журналисттер, сизге эмнебиз менен жакпай жатабыз?

– Бул мыйзамдын сиздерге эч кандай тийешеси жок. Анда чет элдик маалымат каражаттарына тийешелүү маселе козголгон. Демократиянын очогу катары саналган АКШда да маалымат каражаттарында 75 пайыздан кем эмес үлүш америкалык жарандарга гана тийешелүү. Алар да чет элдик катышууга жол берсе, өлкөнүн маалыматтык коопсуздугуна коркунуч жараларын эң сонун билишет. Мыйзамда биз бирок буга чейин жеткен жокпуз. Болгону, чет элдик жарандар, институттардын үлүштүк катыштыгы бар ММКларды каржылоо теңме-тең, 50-50 пайыздык катышта гана болсун деген чектөө каралууда. Бул өлкөнүн маалыматтык коопсуздугу үчүн көрүлүп жаткан чара. Чындап басма сөз эркиндигин чектеген мыйзам качандыр бир келип калса, мен ага ойлонбостон туруп каршы чыгам, буга ишене бериңиздер.

– Коомчулукта азыр “Республика – Ата Журт” партиясынын лидерлери Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиевдин бөлүнүп кеткени жөнүндө сөздөр жүрүүдө. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?

– Эгерде андай болсо, биз биринчи угат элек го. Албетте, өйдө-ылдый сөздөр жүрө берет, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Партиянын ичинде бул багытта эч кандай сөз жок, мурдагыдай эле бирдиктүү, бир командада иштеп келатабыз. Эки лидердин да мамилеси жакшы. Ө.Бабанов да, К.Ташиев да чыныгы мекенчил адамдар. Алар өлкөнүн келечеги үчүн жеке амбицияларын таштап, биригүүгө барып, башка бардык саясий күчтөргө үлгү көрсөтүштү. Мунун эл дагы баалап, колдоду. Азыр да, кандайдыр бир майда маселелердин артынан эле алардын бөлүнүп кетерине ишене албайм, анткени экөө тең Кыргызстандын келечегине күйгөн эр-азаматтар. Буюрса, президенттин шайлоого да бирге барышарына ишенимибиз чоң. Азыр алдыбызда даяр унаа турат – бул “Республика – Ата Журт”. Башканы ойлоп таап, жасаганга канча мээнет кетет. А бул унаага олтур да кете бер. Келечекте биз бирге дагы өтө чоң жумуштарды жасаарыбыз ачык-айкын иш.

– Бүгүн кимге барба, “өлкөнү президент башкарбай эле, анын айлана-тегерегиндеги шоопурлары, жансакчылары, секретаршалары башкарып калды”,- деген сөздү угуп каласың. Мындай кептердин бир тобу сиздин жердешиңиз Икрамжан Илмияновго тийешелүү. Анын Лейлек, Баткенди өзү каалагандай бийлеп, башкарып жатканы чындыкпы?

– Биз Икрамжан Илмиянов менен парламенттик шайлоодо оппонент болуп күрөшүп келдик, ал КСДПдан, мен “РАЖтан” чыктык. Жыйынтыгында КСДП биринчи, биз экинчи болуп өттүк. Райондон И.Илмияновдун жеңгенин айтпаганда, дагы эки депутат чыкты. Эгерде Икрамжан Илмияновдун таасири жөнүндө айтылып жаткан сөздөр чын болсо, бул райондон башка бир дагы депутат чыкмак эмес. Бул киши тууралуу айтылып келе жаткан сөздөрдү мен деле угуп жүрөм. Бирок, анын бир дагы документалдуу тастыкталган далилин көргөн жокпуз да. Кичи мекен болобу, башка жакта болобу, ар дайым бийликтин партиясы үстөмдүүлүк кылат. Себеби мамлекеттик кызматта иштегендер, дарыгер-мугалимдердин жоон топ армиясы аларга добуш беришет. Ушунун эсебинен кандайдыр бир деңгээлде жеңип турашары ачык-айкын да.

– Ал киши менен мамилеңиздер кандай?

– Жердеш, теңтуш катары мамилебиз түз, сый элебиз.

Булак: “Майдан. kg” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: