Menu

Мирбек Калданов, маркум Руслан Абасовдун бир тууган иниси: “ИИМ министри убада берет, бирок иш алга жылбайт”

Бөлүшүү:

2014- жылы 27-мартта Токмок шаарынын кичи райондорунун биринде кикбоксер Руслан Абасовдун машинасы жардырылган. Спортчу ооруканага жетип көз жумган. ИИМдин маалыматы боюнча кылмыш иши учурда тергөөдө. Кечээ жакында ИИМ министри Кашкар Жунушалиев маалымат жыйын учурунда аталган кылмыш иши жыл аягына чейин ачыкталаарын айтты.

– Мурдагы ИИМ минитри Мелис Турганбаев министр болгондо айткан: “Жакынкы айларда Руслан Абасовдун кылмыштуу өлүмүнүн бети ачылат, мен иштин аягына чекит коем” – деп. Иштеди, бир топ иштеди. Бирок иштин бетин ача алган жок го. Азыркы министр Кашкар Жунушалиевдин министр болгонуна жарым жылга жакындап калды. К. Жунушалиев да айткан: “Кылмыштын бети ачылат” – деп. Кана ачылганы?
-Ишти иликтеген ИИМдин өкүлдөрүнө кайрылып жатасызбы?
– Кайрылып эле жатабыз. ГУБОПтун жетекчисине, тергөөчүгө барып жатып тажадык. Качан барбайлы бир эле жоопту айтышат. “Иштеп жатабыз, иш тергөөдө” – деген.
– Кашкар Жунушалиевдин өзүнө барып жолуктуңузбу?
– Жок, Кашкар Жунушалиевге жолуга элекмин. Мурунку министр Мелис Турганбаевге жолуккам.
-Кашкар Жунушалиев кечээки маалымат жыйынында кылмыш иши жыл аягына чейин ачылып калышы мүмкүн экендигин билдирди го…
– Министр маалымат жыйынын берип жатканда мен интернеттен түз эфирден көрүп жаттым. Эмнегедир Кашкар мырза деле оозу бош жооп берди. Мен анын жообуна канааттанган жокмун. Башында айтпады беле. “Буйрук берген адам табылды, ал издөөдө” – деп. Кана ошол адам?
– Байкеңизди ким өлтүргөн болушу мүмкүн?
– Аны мен билбейм. Бирок ушул өлтүргөн болушу мүмкүн деп кимдир бирөөлөрдөн күмөн санайм. Тергөөчүлөрдө материал бар. Алар толук болбосо дагы, кандайдыр бир деңгээлде ким күнөөлүү экенин билишсе керек.
– Агаңызга мурда кол салуулар болгон эмес беле?
– 2010-жылдагы революциядан кийин кол салууга аракеттер болуп байкем “Мага ушундай кол салуу болгону жатат” – деп ИИМдин өкүлдөрүнө кайрылган. Бирок ИИМдин өкүлдөрү, укук коргоо органдары байкемдин өтүнүчүн орундатып, эч кандай чара көрүшкөн эмес. Бир адамды күнөөлөп, ага издөө жарыялап коюшкан.
P.S Маек берген Мирбек Калданов сүрөтүн чагылдырууну туура көргөн жок
Мирлан Алымбаев

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: