Menu

Кара-Суу районунда жаңы заманбап мечит ачылды

Бөлүшүү:

Кечээ, Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Куршаб айылында  заманбап үлгүдөгү “Саит ата” атындагы жаңы мечит пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган мечиттин ачылыш салтанатына Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн диний кеңешчиси Токтосун ажы Жапаров, КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Өзгөн районунун башкы имам-хатиби Акжол ажы Козубаев, Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы Жуманазар Калбаев жана жергиликтүү тургундар катышты. Ачылышта келген жетекчилер сөз сүйлөшүп, мечит аркылуу элге адеп-ахлак, туура тарбия жеткирилип, Ислам шариятын үйрөнүүнүн жарчысы болушун каалашты. Андан соң, мечит салуу демилгесин көтөргөн демөөрчү Жогоку Кеңештин мурдагы депутаты Мамат Орозбаев сөз сүйлөп, мечитти салууда чет өлкөлүк демөөрчүлөр жана мечитке ысымы берилген Саит атанын балдары шериктеш болгондугун билдирди. Мындан сырткары мечиттин сырткы жасалгаларын көктүү кылуу максатында мрамор таштары менен кооздолуп, чебер усталардын жардамы аркылуу 150 орунга ылайыкташтырылып 3 айда бүткөрүлгөндүгүн белгиледи. Андан соң Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев мечитти курууга демилгечи болгон экс-депутат Мамат Орозбаевге жана мечитти салууга салым кошкондорду казыяттын ыраазычылык барагы менен сыйлады. Соңунда мечиттин кызыл лентасы кесилип, жалпы элге сый-тамак тартууланды.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: