Menu

Түрк бизнесмени Кыргызстанды тоноп, террористтерди каржылаган

Бөлүшүү:

Бул тууралуу “Ак Кеме” мейманканасынын президенти Руслан Сарымсаков пресс-конференцияда билдирди. Анын айтымында түрк ишкери  Гюркана Эниже жана баласы Фехима Эниженин компьютеринен Сауд Аравиянын жараны менен кат алмашуу табылган. Алар 2002-жылы 10-январда Афганистандагы террористтерди 20 миллион долларга каржылоо боюнча кат аркылуу сүйлөшүшкөн.

Андан тышкары менин сөзүмдү тастыктай турган экс-генпрокурор Азимбек Бекназаровдун гезитке берген маеги бар. Анда ал: түрк бизнесменинин офисинен Афганистандагы террористтик уюмдардын эсебине белгисиз булактан акча каражаты которулгандыгы тууралуу кооптуу документтердин табылганын айткан.

Дагы бир белгилей кетчү жагдай, УКМКнын экс-төрагасы Токон Мамытовдун мени курал колдонуу менен “Ак Кеме” мейманканасын тартып алды дегени эл аралык сотто түрк ишкерлери менен соттошууга түрткү болду жана сот түрк ишкерлеринин пайдасы тарапка чечим чыгарган.

«В 2005-жылы Иманалиев, Акенеев, Ленин райондук прокурорунун орун басары жана башкалардын катышуусунда  Эниже мырзага Конституциялык соттун жана мыйзам чыгаруу жыйынынын чечими менен “Ак-кеме” мейманканасын Кыргыз-Малайзия ишканасына жана КРнын өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүү чечилген.  Эниже мырзада бул чечимге макул болуп, КРнын мыйзамдарын сыйлаарын жана ага макул экендигин билдирген» – деди Сарымсаков.

Ак Кеме мейманкананын курулуш иштерин жүргүзүп жаткан  түрк ишкери Фехим Эниже 5 миллион доллар каражатты өзүнө менчиктеп алган. Бул мейманкана бүгүнкү күнгө чейин Юстиция министрлигинде “Пинара” мейманканасы катары катталган жана бардык отчеттордун баарын ноль менен тапшырууда. Аларды эч ким жоопкерчиликке тарткан жок, аларга Интерпол издөө жарыялаган. Биринчи май райондук сотунун түрк ишкерин кармоо тууралуу чечими бар. Фехим Эниже жалпысынан алганда Кыргызстандын 40 миллион долларын урдаган – деп билдирди Руслан Сарымсаков.

Негизи эле ар жактан келген “жасалма” ишкерлерге ар кандай курулуш обьектилерин берүүдө аларды тыкыр изилдеши абзел. Антпесе көрүнгөн ишкер чалыш келип эле Кыргызстаныбызды тоноп кете берсе эмнебиз калат. Деги эле мындай шылуундардан сак бололучу.

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 23 = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: