2016-жылдын 15-июлда Түркияда болуп өткөн аскер төңкөрүлүшүнө шектүү катары Гюлендин тизмегиндеги чыккынчыларды издөө боюнча Түркиянын ИИМи тизме жарыялап чыкты. Ал тизмекте 37 кишинин аты-жөнү жазылган. Түрк мамлекетине зыян алып келгендер аларды издөөдө көмөктөшкөндөргө сүйүнчү пул берилмекчи. Эң биринчилерден болуп Түркиянын “гюллендик имам” аталыштагы Мустафа Озжан кирет. Бул адам «Озгюн Иншаат Таахют ве Тижарет» акционердик коомунун президенти жана Бишкек шаарындагы “Вефа” соода борборунун жетекчиси. Аталган соода борборду куруу боюнча суроолор менен 2005-жылы 11-ноябрда Курманбек Бакиев менен жолугушкан.
Түркиянын ИИМи учурда “Мустафа Озжан Кыргызстанда жашырынып жүрөт”, – деген маалымат берген. Мустафа Озжан өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына 2015-жылы октябрь айында Кыргызстанга келгендиги боюнча маалымат берген.
Мустафа Озжанды Түркиянын ИИМине кайсы жерде жүргөнүн айтса, 4 млн. лир өлчөмдөгү акча каражатын бермекчи.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ