Menu

Парламент президенттик аппараттын кол баласына айланды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалиция түзүү милдетин Атамбаев Социал-демократтар фракциясына жүктөдү. Эми бийликчил фракция 17-ноябрга чейин коалиция түзөт. Андан кийин премьер-министрлик кызматка талапкер көрсөтүлөт

Коалиция бир жылга жетпей бузулду

Бул жума өтө курч окуялар менен коштолуп, КСДП фракциясы башкаруучу коалициядан чыгып, саясат айдыңында өзгөрүүлөр болду. Социал-демократтар мындай кадамды “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары менен тил табыша албаганы менен түшүндүрдү. Ошентип КСДП, “Кыргызстан”, “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” партиялары кирген “Туруктуулук, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр» деп аталган көпчүлүк коалиция туруктуу болбой эле, бир жылга жетпеген убакытта бузулду. Оппозиция муну Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча бийликтин ниетине каршы чыгууларга байланыштырып жатат. Эреже боюнча коалиция тараганда өкмөт да токтоосуз отставкага кетип, премьер-министр жана министрлер “милдет аткаруучу” болуп калышат. Эми коалицияга кимдер кирет, мындан аркы саясат кандай болот деген суроолорго “Ата Мекен” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев жооп берди.

Премьер-министр ким болот?

Азырынча ким көрсөтүлөрү жана кимдер көпчүлүк коалиция түзөрү белгисиз. Бул коалиция түзгөндөрдүн ниетинен көз каранды. “Ата Мекен” коалицияга кирбейт.

Коалиция эмнеден улам урады?

Биринчиден, президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн кийинки саясий келечегине кам көрүп, Баш мыйзамды ошого жараша өзгөртүүдө. Экинчиден, акыркы бир жарым жылда Конституцияда көрсөтүлбөгөн жол менен өлкөнү башкарып, бийликти бир колго топтоо аракетинен улам келип чыкты. Биз, мурдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, азыркы парламенттеги айрым фракциялардын өкүлдөрү жана “Ата Мекен” толугу менен бул көрүнүшкө каршы чыктык. Кыргызстандагы жарандык коомдун активдүү мүчөлөрү да буга нааразы. Өкмөт президенттик аппараттын бир бөлүгү болуп калганы мына бүгүн жашыруун болбой ачыкка чыкты. Өкмөткө президенттин өзү эле эмес, анын аппарат жетекчиси Фарид Ниязов жана башкалар түздөн-түз көрсөтмө берип, кол балага айландырды. Парламент дагы президенттин эле эмес, анын аппаратынын тапшырмаларын аткарып калды. Ошентип, Курманбек Бакиевдин тушундагыдай тартип орноду. Андан ашса ашат, асты кем калбайт. Ал кезде да бийликтин “Ак Жол” партиясы парламентти толук көзөмөлдөп, Жогорку Кеңеш менен өкмөт Максим Бакиевдин айткандарын аткарчу. Азыр болсо алар Икрам Сатаровичтин (Илмияновдун) айтканынан чыга албайт.

Саясий айдыңда алдыда кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн?

Жаңы Конституция, укук бул негизги эмес. Башкысы маданият, Баш мыйзамга, укуктук эрежелерге болгон биздин мамилебиз. Аларды аткарууга биздин даярдыгыбыз да маселе жаратат. Эгер жогоркуларга даяр болбосок, Конституцияда кандай жазып койсо да натыйжа чыкпайт. Коңшу мамлекеттерде, Тажикстанда, Түркмөнстанда, Өзбекстанда деле демократиялык өлкө деп өздөрүн жарыялаганы менен иш жүзүндө диктаторлук бийлик өкүм сүрүүдө. Бизде да калыптанып калган адат уланып жатат. 2010-жылы эски салттан, эски адаттан кетейин дедик. Бирок айланып эле кайра 6 жылдан кийин мурдагы абалга кайтып калдык. Бүгүнкү күндө Алмазбек Атамбаевдин пикири менен макул болбогондорду президент калк алдында “эл душманы” деп жарыялоодо. Аларды, партия мүчөлөрүн, туугандарын куугунтуктап, мамлекеттик жумуштагыларын айдап, бизнеси барларга кысым көрсөтүп, өздөрүн мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жамандап, жалаа жаап отурат. Бакиевдин акыркы мезгилинде да мынчалык өзүм билемдик болгон эмес.

Атамбаев эртеби-кечпи кетет. Ал кеткенден кийин да өз таасирин сактап калам деп ойлоп жатат. Бирок, сактай албайт. Анткени, азыр аны колдогондор айласыздан кубаттоого мажбур. Алар президенттин саясаты туура эмес экенин билет. Ошондуктан, бийликтен кеткенден кийин деле азыркы кол алдындагылар баш иет деп ойлоп жаңылышат. Атамбаевдин эң чоң кесепети – ал Баш мыйзамды сыйлабай, өзүм билемдик менен башкарса болот деген жаман адатты жандандырып алганы.

Президенттик аппараттын 2010-жылы экс-президент Роза Отунбаева мыйзам бузуу менен президент болгон, Баш мыйзам күчүнө кирбей жатып кызматка расмий киришкен деген маалыматы тууралуу эмне дейсиз?

Президент Алмазбек Атамбаев ошол окуяларга катышкан. Бирок анын маалыматтык-саясат бөлүмүнүн кызматкерлери Аскар Акаев, Курманбек Бакиевдин бийлиги маалында иштегендер. Алар тарыхты бурмалап, Утурумдук өкмөттүн мүчөлөрүн, анын ичинде мени жаманатты кылып көрсөтүүгө далалаттанып жатышат. Роза Отунбаева өз убагында бийликти алган. Ал шайланган эмес, 2010-жылы президенттик шайлоо болгон эмес. Анткени, өлкөдө баш-аламандык болуп, улам контрреволюциячыл күчтөр төңкөрүш жасоого умтулуп, улут аралык кагылышуулар болуп, кылдын учунда турганбыз. Ошондуктан тез арада легитимдүү, расмий бийлик органын пайда кылышыбыз керек эле. Биз кризистен чыгуунун жол картасын аныктап, ыкмасын сунуш кылганбыз. Ошондо маанилүү ролду өткөөл мезгилдин президенти, бир жарым жылга шайланган Роза Отунбаева аткармак болгон. Ал кезде Конституциянын күчүнө кириши тууралуу мыйзам жазганбыз. Бул документ Конституция менен бир убакта күчүнө кирген. Башмыйзамда ошол учурда кадимки тынчтык шарттагы тартип менен эмес, референдум өткөнү тууралуу жыйынтыкты Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялагандан тартып күчүнө кирет деп жазылып турат. Азыркыдай бир ай кол коюп, андан кийин бир ай тойго, ант берүү аземине даярданып отургудай абал эмес болчу. Биз жарандык согуштун босогосунда туруп, өзгөчө кырдаал маалында ушундай реформаларды жасаганбыз. 1-июлда Баш мыйзамды күчүнө киргиздик. Роза Отунбаеваны өткөөл мезгилдин президенти деп жарыялап коюп, Убактылуу өкмөт тарап, отставкага кеткен. Биз башында үч ай ичинде кетебиз деп айтканбыз. Эгер Отунбаеваны шайлабай кетип калсак, Кыргызстанда кырдаал курчуп турганда, бизде кандай тарыхый жоопкерчилик болмок? Азыркы президенттин жана анын аппаратындагы адамдар кандай мезгилде чечим кабыл алынганын, алдыбызда эмне максаттар турганын билишпейт. Алар Акаев менен Бакиевдин заманында иштеген бюрократтар, реваншисттер.

“Ата Мекен” мындан ары кандай кадамдарга барат? “Өнүгүү” фракциясы менен оппозициялык чоң күчкө айланышы мүмкүнбү?

Мен башка фракциялар үчүн жооп бере албайм. “Ата Мекен” фракциясы оппозицияда кала берет. Өзүнүн конституциялык милдетин натыйжалуу аткарат. Ал эми фракциялар менен оппозициялык блок болуу маселесин өзүнчө чечебиз. Ар кандай варианттар болушу мүмкүн.

P.S: Эксперттер чөйрөсүндө жана коомчулукта коалиция менен өкмөттүн жаңы курамы боюнча ар түрдүү ой жоругандар бар. Көпчүлүк коалиция КСДП, “Республика – Ата Журт”, “Кыргызстан” фракцияларынан куралат дешет. Ошентип, “Ата Мекен” менен бирге “Өнүгүү-Прогресс” оппозицияда калат өңдөнүп калды. Ал эми “Бир бол” фракциясынын кандай позицияда болору ачык эмес. Ошондой эле “Республика – Ата Журт” фракциясынын коалицияга кириши менен башкаруу системасында өзгөрүү болору жоромолдонууда. Бийликтегилер өкмөт курамы анчалык деле алмашпайт дегени менен азыр республикачылардын лидери Өмүрбек Бабановдун “базары” катуу кызыгандай.

Дарыя Мурат кызы

Булак: Саресеп 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: