Menu

Кыргызстандагы сүт рыногунун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү

Бөлүшүү:

Кыргызстандын уникалдуу жаратылыш шарттары, жайыттардын жайлуу рельефи, шалбаалары менен күндүн нуру биздин сүт азыктарын дүйнөлүк сүт рыногуна чыгара алат жана чыгарышы керек. Болгондо да дүйнөлүк масштабдан алып караганда, сүттү керектөө боюнча башкы локомотив болгон Кытай мамлекети менен чектеш жайгашканыбыз бизге чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүдө

Айдар Мокенов, “АйТи долбоор” КФ, экономист

Сүт – өткөөл мезгилден сактап калды

Кыргызстандын айыл жергесинде ар күнү таңында жана кечинде дээрлик бардык үйлөрдө уйларын саап, андан соң саалган сүттү сүт чогултуучуларга өткөрүү көнүмүш адатка айланган. Көпчүлүк үй-бүлөлөр бирден саан уй кармашат, бул үй ээсине анчейин түйшүк жаратпайт жана аны багууга көп деле убакыт жумшалбайт. Эки, үч, айрым учурда төрттөн саан уй кармаган үй чарбачылыктары да кездешет. Жайыт жерге ээ айыл жергесинин жана шаардын тургундары үчүн чийки сүт өткөрүп, оокат кылуу аларга материалдык жактан чоң колдоо алып келип жаткандыгы белгилүү.

Кыргызстандын дээрлик бардык жеке үй чарбачылыгынан сүт чогултуу боюнча сыртынан анчейин байкала бербеген ритейлдин курулушу өзгөчө көңүл бурууну талап кыла турган көрүнүштөрдүн бири. Ачыгын айтканда, чийки сүт чогултуу тармагы базар экономикасынын өткөөл мезгилдеринде, ошондой эле кризистик жылдарда өлкөнүн көптөгөн жашоочуларын сактап калган деп дагы айтсак болот.

Бул макала сүттү кайрадан иштеп чыгаруу тармагында иш алып барган ишканалардын жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн ачып көрсөтүүнү максат кылат. Биздин оюбузча, Кыргызстандын уникалдуу жаратылыш шарттары, жайыттардын жайлуу рельефи, шалбаалары менен күндүн нуру биздин сүт азыктарын дүйнөлүк сүт рыногуна чыгара алат жана чыгарышы керек. Болгондо да дүйнөлүк масштабдан алып караганда, сүттү керектөө боюнча башкы локомотив болгон Кытай мамлекети менен чектеш жайгашканыбыз бизге чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүдө.

Чийки сүт алчу инвестор керек

Чындыгында, Кыргызстандын сүт тармагына инвестиция жүргүзүү иштери башталган. Биринчи кезекте, мында Вимм-Билль-Даннды сатып алуу аркылуу рынокко келген Данон компаниясы. Учурда Данон Беларуссияда кыйла агрессивдүү саясат жүргүзүп келе жатат. Данон Кыргызстанда өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет деп ойлойбуз.

Бирок, Данон – бул акыркы этаптагы сүт азыктарын өндүрүүгө адистешкен компания. Ал эми Кыргызстанга чийки сүттү сатып алууну жана аны кайра иштетүүнү уюштурууга каражат жумшаган инвестор керек. Эрежеге ылайык, бул компаниялардан чийки сүт кайра иштетилип чыккан соң төмөндөгүдөй төрт продукция алынат: кургак майсыздандырылган сүт (КМС), кургак ынак сүт (КЫС), чалган май жана чеддер сыры. Бул салттуу экспорттук товарлар. Мындан сырткары, быштак, сары суу, кургак пахта жана башкалар өндүрүлөт. Бирок жогоруда саналган төрт азык негизгилерден болуп эсептелет. Булардын арасынан негизги рынок товары катары кургак майсыздандырылган сүт саналат.

Ошентип, бүгүнкү күндө Казакстан менен Орусияда биз учурда дүкөндөрдөн көрүп жаткан эң акыркы этаптагы сүт азыктарын өндүрүү боюнча пайдаланылбаган өндүрүш жабдуулары кыйла көп. Бул азыктар эреже боюнча, кургак майсыздандырылган жана кургак ынак сүттөрдөн даярдалат.

Кытай 650 миң тонна сүт импорттойт

Канчалык таң калычтуу болбосун, кеңири ассортименттеги даяр таңгакталган сүт азыктарын чыгаруучу сүт заводдорунун ишмердүүлүгү шире даярдоочу заводдордун ишин эске салат. Ал жерде дагы ширелердин негизин кургак аралашмалар менен ар түркүн таңгактар түзөт. Бул өңдүү заводдор Казакстан менен Орусияда абдан көп. Бирок алар дайыма эле пайдаланыла бербейт. Башкача айтканда, даяр сүт азыктарын өндүргөн кыргыз өндүрүшчүлөрү үчүн бул рынокко кирүүгө жол жабык. Бул бут тосуу эмес, болгону даяр таңгакталган сүт азыктарын өндүрүүчү заводдор товар тез өтүүчү ири шаарларда жайгашкан. Андыктан ал жерлерге таңгакталган, 1 литрлик баштыктарга куюлган сүттөрдү жана 200 граммдык пакеттердеги коюулатылган сүттөрдү эч ким ташып барбайт, аны ташуунун баасы жогору жана бренд дагы керек.

Ал эми жогоруда көрсөтүлгөн төрт негизги азыкты өндүрүүчү заводдор оптималдык көз караштан алып караганда, чийки сүттү чогултууга ыңгайлуу жайларда жайгашкан. Бирок бул заводдордун чыгарган продукциялары деле сүттүн дүйнөлүк рыногуна чыгууга кепилдик бере албайт. Биздин рынокко өндүрүштүн ушул түрүнө адистешкен, ири бренддин келишине аракет кылуу керек.

Сүт продукцияларын өндүрүүнүн потенциалдуу рыногу – Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Кытай жана башка алыскы өлкөлөр. Казакстан менен Орусиянын негизги атаандаштары – Беларусь менен Евробиримдикке кирген өлкөлөр. Эң келечеги кең рынок Кытай. Кытайда сүт азыктарын керектөө эң эле аз деп эсептелет. Бирок, АКШнын айыл чарба министрлиги берген маалыматтар боюнча Кытайда сүттү импорттоо 2011-жылдан 2015-жылга чейин жыл сайын 61%га өскөн. 2011-жылы Кытай бардыгы болуп 70 миң тонна сүт импорттосо, 2015-жылы импорттун көлөмү 450 миңге жеткен. Ал эми 2016 жылга божомол – болжол менен 650 миң.

Фермер сүттү эмес, жайытты ойлойт

Кытай өлкөсүнө сүт жеткирүүдө Евросоюз басымдуулук кылат. Ал бардык сүттүн үчтөн эки бөлүгүн түзөт. Ушундай эле көрсөткүч менен Жаңы Зеландия жана башка мамлекеттер келе жатат. Бул жерде Жаңы Зеландия өзгөчө орунда турат. Бул өлкөдө сүттү өндүрүү жана иштеп чыгуу менен бир гана Fonterra компаниясы алектенет. Аталган компания сүт азыктарына карата дүйнөлүк бааны дагы аныктайт. Айтмакчы, РИА Новостинин берген маалыматы боюнча, аталган компаниянын башкы директору Орусиянын сүт азыктарына жана технологиясына инвестиция салуунун варианттарын караштырып жаткандыгын билдирген. Негизги аргумент катары чийки азык рыногундагы бааларга болгон туруксуздук жана Жаңы Зеландиянын “саясий турбуленттуулугу” саналган.

Жаңы Зеландиядагы сүт өндүрүүдөгү айрым өзгөчөлүктөргө дагы азыноолак токтоло кеткибиз келет. Бул жерде сүт өндүрүүнү уйдун санына эмес, жайыттын гектарына карап эсептешет. Фермерлерди саалган сүт эмес, жайыт гектарына жараша саалып алынган сүттүн көлөмү көбүрөөк тынчсыздандырат. Фермерлердин негизги куралы – бул жайытты натыйжалуу колдонуу үчүн пайдаланылган тосмолор, алардын ордун улам алмаштырып турушат. Фермер өндүргөн сүттүн сапаты: 4% белок, 6% май, 120 миңге чейин соматикадан турат. Эгерде май жана белок ушул көрсөткүчтөн төмөндөп кетсе, фермер айыппул төлөйт (Булак: Зотов А.)

Мында, жогоруда айтылгандарды эсепке алуу менен, төмөндөгү өлкөлөрдөн потенциалдуу инвесторлордун мындай айлампасын түзүүгө болот. Жаңы Зеландия (Fonterra ), Евросоюз, Кытай. Ал эми Орусия менен Беларуссияны ала турган болсок, бул өлкөлөрдө инвестор катары Данон үстөмдүк кылат жана жогоруда белгиленгендей Орусиянын рыногуна Fonterra кирүүнү каалап жатат.

Сүт өндүрүшү 5-6 млн. тоннага жогорулайт

Биздин көз карашыбыз боюнча, Кыргызстандын сүт рыногуна инвестордун келиши төмөндөгүдөй артыкчылыктарды берет: сүттүн көмүскө рыногу легалдашмак, каржылык жана технологиялык инвестициялар тартылмак, уйлардын тукумун жакшыртууга жергиликтүү инвестициялар жумшалмак, жайыттарды колдонууну пландаштырууга инвестициялар салынмак жана акырындык менен сүт продукцияларынын дүйнөлүк рыногуна чыгууга, айрыкча, Кытай мамлекетине жол ачылмак. Жыйынтыгында сүт өндүрүүчүлөрдүн кирешеси сатып алуу баасынын жогорулашынын эсебинен бир нече эсе жогоруламак.

Эми келечекке божомол кандай? Балким Кыргызстандын айыл чарба жана экономика министрлигинин сүт өндүрүүнүн потенциалдуу көлөмү боюнча белгилүү бир божомолдору бардыр. Биздин болжолдуу эсеп боюнча “ири” инвесторлордун келиши менен уйдун башынын саны эки эсеге, 1,5 миллионго чейин өсмөк. Ар бир уйдан саалган сүт 1,5 эсеге, андан соң эки эсеге көтөрүлүп, жылына 4000 кг түзүшү мүмкүн. Башкача айтканда, сүттүн өндүрүшү жылына 5-6 млн. тоннага чейин жогоруламак. Бул божомолдун жүрүшү 3 жылдан 10 жылга чейинки мезгилди камтыйт. Ал эми экспорттук потенциал 1,2-1,5 млрд. АКШ долларын түзүшү мүмкүн.

Жыйынтыгында, бул макалада аталган маселенин бардык көйгөйү камтылган жок. Айрым бир так эместиктер жана жаңылыштыктар дагы болушу мүмкүн экенин белгилеп кеткибиз келет. Алгач биз реалдуу статистиканы табууга аракет жасадык. Статистикалык маалыматтардын так эместигин, айрым бурмалоолорго жол берилгендигин көргөн соң 1990-жылдан 2015-жылга чейинки мезгилдеги Кыргызстандын сүт рыногуна саресеп салып көрүүнү чечтик.

Булак: Саресеп

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: