Menu

Депутаттар тобу өлкө аймагында аӊчылыкка тыюу салуу демилгесин көтөрүүдө

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште өлкө аймагында аӊчылыкка 2025-жылга чейин тыюу салууга багытталган «Кыргыз Республикасында аңчылыкка тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.  Бул туурасында КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.

Мыйзам долбоору жапайы жаныбарлар дүйнөсүн коргоо максатында иштелип чыккан. Демилгечилердин айтымында, айрым коомдук уюмдардан башаламан аңчылыкка чара көрүү жана мергенчилик кылуучу жерлерди чет элдик жана жеке жактарга ижарага берүүгө тыюу салуу тууралуу кайрылуулар келип түшкөн. Айрым коомдук кыймылдар мамлекеттик органдардын мекемелеринин алдында мергенчилик кылуучу жерлерди ижарага берүү сынактарын токтотууну талап кылышкан.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда өлкө аймагында мергенчилик кылуучу жерлерге ээ болгон 52 аңчылыкты пайдалануучулар иш алып барат, алардын ичинен 1 мамлекеттик, 9 коомдук жана 42 жеке жактар. Аӊчылык кылуучу жерлердин жалпы аянты 14,4 млн га, анын ичинен 7,2 млн га мамлекеттик, 3,2 млн га коомдук жана 4 млн. га жеке жактарга таандык. 2013-жылы Аңчылык департаменти тарабынан 2,96 млн сомго жакын 710 аңчылык эрежелерин бузуу, браконьерлик жана башка мыйзам бузуу фактылары катталып, 48 даана ок атуучу аңчылык куралдар алынган.

Демилгечилердин бири Эмил Токтошев акыркы 10 жылда эле илбирстердин саны 3 эсе азайганын билдирди. Ошондон улам, «2014-2020-жылдары ак илбирстин экотутумун сактоо боюнча» ааламдык программа кабыл алынып, анын каржылоо көлөмү 190 млн АКШ долларын түздү. Илбирс азыктануу пирамидасынын туу чокусунда турат. Анын сакталышы жана көбөйүшү бүткүл биологиялык тутумдун туруктуулугунун көрсөткүчү болуп саналат.

“Биз адегенде аӊчылыкка 2030-жылга чейин тыюу салуу демилгесин көтөргөнбүз, бирок айрым депутаттар каршы болгондуктан, ал мөөнөттү 2025-жылга чейин кыскарттык. Мыйзам долбооруна ылайык, Кызыл китепке кирген жапайы жаныбарлар менен аркар-кулжаларга гана аӊчылык кылууга тыюу салуу чаралары киргизилет”, – дейт баяндамачы.

Талкуу жүрүшүндө бир катар депутаттар өлкө аймагында аӊчылыкка тыюу салууга каршы пикирлерин билдиришти. Депутат Кожобек Рыспаев тыюу салуу менен эле мыйзамсыз аӊчылыкты токтотуу кыйын экенин, андан көрө көзөмөлдү күчөтүп, бюджетти толтуруу зарылдыгын белгиледи. Мындай пикирди Элвира Сурабалдиева да колдоп, өз кесиптештерин мыйзам долбоорун четке кагууга чакырды.

Өкмөттүн эксперттери, Аӊчылык департаментинин жетекчилери менен аӊчылык чарбаларынын өкүлдөрү да мыйзам долбооруна каршы экенин айтышты. Алардын айтымында, жергиликтүү калктын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен катар, айыппул өлчөмүн көтөрүү аркылуу тартипти бекемдеп, калктын жапайы жаныбарларга аӊчылык кылуу маданиятын көтөрүү зарыл.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 74 = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: