“Кыйын кездерди чогуу өткөргөнбүз, урматтуу милиция кызматкерлери! Чоңдор бар, генералдар сатып аткан, бирок младший состав ракмат, жанын берип жатты. Албетте азыр деле “крысалар” көп да мындай, айбандар көп ошол эле милицияда, жакында билесиңер, погранслужбанын складынан автомат саткандар чыгып, милициянын чоңу погранслужбанын завсклады менен милициянын начальниги жүрөт”, – деп билдирди бүгүн, 31-октябрда Бишкекте Алмаз Атамбаев милиция кызматкерлерине жаңы бүткөн үйлөрдүн ачкычтарын тапшырып жатып.
“Анткени раздутый центральный аппарат МВД, канча министр келди, реформа кылгандын ордуна баякы эле рельсага саласыңар. Эки ортодо анан байкуштар, жанын мамлекет үчүн, эл үчүн берип жаткан пограничник менен милиция кызматкерлери күнөлүү, силовиктер күнөлүү. Силовиктердин күнөөсү жок. Жанагы складдарда олтурган “крысалар” менен начальниктер күнөлүү! Тазалаш керек! Кашкардын колунан келбесе мен өзүм тазалайм, ачык айтайын! Тазалаш керек!”, – деди Алмаз Атамбаев.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ