Menu

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков энергия менен камсыз кылуудагы көйгөйлөргө убагында көңүл бурууну тапшырды

Бөлүшүү:

«Калкты тейлөөнүн сапаты – бул силердин ишиңерди баалоонун башкы көрсөткүчү», – деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-октябрда, калкты жана экономикалык тармактардын 2016-2017-жылдагы жылуулук сезонуна даярдыгы боюнча республикалык штабдын жыйынында, министрликтер менен ведомстволордун жетекчилерине.

«Авариялык абалдарда силерге телефон чалып, байланыша албай жаткан арыздануулар катталды. Калкты тейлөөнүн сапаты – бул силердин ишиңерди баалоонун башкы көрсөткүчү. Дагы бир  белгилей турган нерсе, жалпыга маалымдоо каражаттарында дайыма жогорудагы көйгөйлөр айтылып келатат. Силер баарыңар факты  болгондон кийин маани берип жатасыңар, көп маселелерди алдын ала чечсе болот», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу бардык энергокомпаниялардын жетекчилерине жергиликтүү мамлекеттик админитсрация менен  бирге калкты тейлөөнү өзгөчө көзөмөлгө алып, көп тармактуу байланыш менен камсыз кылып, маселе менен кайрылгандарга жакшы жооп берүүнү тапшырды.

«Сууктун башталышы менен орточо суткалык электр энергиясын колдонгон керектөөчүлөрдүне саны өстү. Мындан улам авариялык абалдардын жана калктын арыздануу тобокелдери да көбөйөт», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: