Menu

Чолпон Субакожоева, “Жусуп Мамай калтырган маданий мурасты сактоо жана жайылтуу долбоорунун” координатору: «Кыргызды кыргыз кылган Манас»

Бөлүшүү:

– Чолпон Темирбековна, айтсаңыз, 2016-жыл мамлекетибизде “Тарых жана маданият” жылы деп жарыялангандыктан ушул багытта сизден улутту улут кылган “Манас” эпосу, манасчы Жусуп Мамай жөнүндө сурагым келип турат. 21-кылымдын акыркы могиканы, залкар манасчы Жусуп Мамайдын батасын алып, “Манастын” касиетин, анын рухтарын жыйнактуу китеп кылып чыгарып  жүргөн адам катары, келе жаткан жаш муун “Манасты” кандай кабыл алат? “Манас” сиздин түшүнүгүңүздө? жан дүйнөңүздө кандай жашайт? “Манас” китебин окубаган “киргиздерге” кандай ой айтат элеңиз? Булар боюнча кенен токтолуп кетсеңиз.

-“Манас” эпосунун жаралышы, анын көптөгөн доорлорду басып өтүп, кыйын кезеңдерде да жоголуп кетпей сакталып, азыркы күнгө чейин жашап келе жатышы,  элдүүлүгүн бекемдеп, оозеки чыгармачылыгын өнүктүргөн кыргыз элинин тилдик кудуретине байланыштуу. “Манас” кыргыздын өзгөчө оозеки чыгармасы. Мисалга куранды алып көрсөк, аны башка тилге канча которсоң да аны араб тилинен бөлөк тилде айта албайсың, окуш мүмкүн эмес. “Манас” да ошол сымал, канча жолу башка тилге которуп, дүйнөгө таркаткан күнү дагы, аны башка тилде айтуу мүмкүн эмес. Кыргыздын өзгөчө касиетин кыргыздан башка киши манас айта албагандай эле, кыргыздын өзгөчө улут экендигин дүйнө  эли баамдаса керек. Эми сизге менин руханий дүйнөмдү ээлеп, жан дүйнөм менен бирге жашап келген “Манас” кандай экендигин айтайын.

“Айкөлдүн ааламы ар бир адамды эшик кагып келсе эле киргизе бербейт” –  деп атам (Жусуп Мамай) айткан эле.  Залкар манасчы Жусуп Мамай 4 жыл буту баспай, 12 жыл куугунтукта “унсур” деген калпак кийип саясый жалаага кабылып, азап тартса дагы “Манасын” таштабай, андан эч баш тартпаган касиети менен бул оор абалдан аман чыккан. Кыргыз Республикасында Кытай Эл Республикасындагы кыргыз манасчылардан биринчи жолу “Кыргыз эл баатыры” наамын алгандыгы, “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”, “Кененим”, “Сейит”, “Асылбача-Бекбача”, “Сомбилек”, “Чигитей” эпостун сегизилтигин кыргыз элине Жусуп Мамайдын атынан калышынын өзү “Манастын” касиетинен кабар берет. “Киргиз”, “кыргыз” деп бөлүүнүнү мен дагы каалабайм, ар бир кыргыздын жүрөгүндө “Манас” бар, ал жашайт.

– Кытай Эл Республикасында Жусуп Мамайдан башка дагы манасчылар барбы же Жусуп Мамай элеби? Сиз билген дагы кандай манасчылар бар?

-Кытайда бүгүнкү күндө үч чоң эпос сакталган: “Кесер”, “Жаңгыр” жана “Манас”. Булардын ичинен Кытай кыргыздары “Манас” эпосун улуттук мурас катары сактап келишкен. ХХ кылымдын 20-30-жылдары Кытай Эл Республикасында жашаган кыргыздар арасында элдин маданиятын, руханий байлыктарын сактап калууга жасаган аракеттер көрүлгөн. Балбай Мамай деген адам «Манас» эпосун, башка элдик казынага тиешелүү маалыматтарды чогултууга көп аракеттерди жумшаган. Ал «Манас» эпосунун сегиз бөлүмүн 17 жылга жакын иликтеп, ирээттүү түрдө жыйнап, кагаз бетине түшүргөн. Кытайлык кыргыздардын арасында манасчылар албетте Жусуп Мамайдан башка дагы бар. Мисалга Жусубакун Апай манасчы. Ал «Манас», «Семетей», «Сейтек», «Кененим» бөлүктөрүн 6 ай бою тынымсыз айта алган. Ал эл-жерди аралап, илим алуу менен «Манас» айтып элге кеңири таанымал болгон.

Ысык-Көл, Анжыян, Ат-Башы, Ош тараптагы өз заманынын чоң жомокчусу  Алтай ырчыны ээрчип, анын аткаруусундагы «Манас» жана башка элдик ыр-баяндарды үйрөнгөн. Жусубакундун «Манас» эпосун кыргыз элинин XIX кылымдагы атактуу манасчысы Тыныбектен үйрөнгөндүгү тууралуу белгилүү манасчы Эшмат да айтат. «Жусубакун Апай, Сагымбай Орозбак, мен, үчөөбүз жомок үйрөнөбүз деп Жапыйдын уулу Тыныбектин балтасын чаап, жылкысын багып төрт жыл жүрдүк» –  деп эскергени бар. Эшмат манасчы деген жашап өткөн. Мен дагы “Манас” дүйнөсүнө абдан кызыгып, айрыкча кытайлык манасчыларыбызды изилдөө максатым эле. Ушул ойлогон ой-максатымдын мүдөөсүнө жетүү үчүн  кандидаттык ишимдин темасын тагдырым менен тамырлаш кылып бириктирдим. Илимий эмгегимдин аталышы мындай: “Кытай кыргыздарындагы “Манас” эпосу”. Изилдөөнүн жыйынтыгында   ал жактагы эпос жана манасчылар тууралуу көп материалдар топтолду.

Алардын ичинде Эшмат манасчы тууралуу да уккандарым бар. Анын төрөлүшү дагы өзгөчө. Төрөлөөр күнү, апасынын толгоосу чыңалып, көзү караңгылашып, бүткөн боюнан тер агып, көзү тунарып эсинен ооп жатып калат. Талаада чагылган чартылдап, күн күркүрөп, катуу жааган жамгырдан улам колот-кобурдан сел кетип, теребел дүңгүрөйт. Карышкырлардын улуганы угулуп, короого тийип, көгөндөгү козу-улактарды кырып кирет, козу-улактардын биринин башы жок болсо, биринин куйругу үзүлүп жатып калат, канга жайнаган короону көргөн чабандардын жаны чыгат. Кулак жарып күн күркүрөп, чагылгандын чартылдаган доошу, карышкырлардын улуганы менен жарыша Батмакан көз жарат. Кайра эсинен танып жансыз кишидей жатып калат. Ошентип Эшмат жарык дүйнөгө келип, баркырап ыйлап, боз үйдүн ичин жаңыртып туйлай берет, Батмакандын төркүнү муну көрүп чочуйт. Коркунучтуу узун түндө көптөгөн ырым-жырымдарды жасап, амандык тилешет.

Эшматтын атасы Маметжүсүп кайындарынын бул чоочуркаганын түш жооруган сыяктуу жакшылыкка жооруйт. Күн күркүрөп жамгыр жааса, жер көгөрүп жашылчылык болот, бейиштин жытын келтирет, бөрү деген көкжалдыктын элеси, баланын колдоочусу, ал эми, баланын баркырап ыйлаганы – тил талашкан тилдүү жоо, чөл бөрүсүндөй курч болуп, жин-шайтандан, апкыт-сапкыт, илдеттерден арылтып, мага эш болор бала экен деп азан чакырып атын Эшмат коёт (бул ысым “Эш-Мухаммад” сөзүнүн кыргызча кыскартылып айтылышы). Ыбырайым Акынбек. Ал кытайлык кыргыздар арасынан чыккан белгилүү манасчы Жусубакун менен үркүндө Кытайга качып баргандардын бири болгон. Манасчы Сагымбай Кызыл-Суудагы  Карачий айылында манас айтып беттешкен.

Алар эки күн бою манас айтышып, «Сейтекке» келип токтошот. Эл кызыгып андан ары эмне болорун сураганда, экөө тең наркысын билбей турганын айтышат. Ошондо улагада от жагып олтурган Ыбырайым Балбайга “Манастын” “Сейтектен” кийинки бөлүмдөрү бар экендигин, тигилер калганын билбей турганын айтат. Балбай аны айтып берүүсүн суранат. Балбай Ыбырайым таякесин тиричиликтен алагды болбошу үчүн жанына көчүрүп келип, анын ишин кошо кылышып, билген жомогун кагазга түшүргөн. Ошентип, Ыбырайымдын айтуусундагы “Манас” Балбай Мамайдын жазып алуусу менен кагазга түшүп, Жусуп Мамайга жеткен.

Сатыбалды Аалы деген да белгилүү манасчы өткөн. Сатыбалды Аалынын алгачкы үйрөнгөнү Манастын бабалары тууралуу жомок болгон. Бул манасчы башкалардан айырмаланып, Манастын ата-бабалары Түгөйхан, Көбөйхан, Жамгырчы, Чаянхан, Чоюнхан, Бөйөнхан тууралуу айтып, манасты улап кеткен. Ушул сыяктуу айтуучулар өтө көп. Манасчыларды санап олтурсак бүгүнкү күндө дагы мамлекеттен акча алып “Манас” эпосун айтышат. Аларда улуттун баалуулуктарын сактаган саймачы, саяпкер, мүнүшкөр, уста адамдар өтө эле арбын. Кытай изилдөөчүлөрдүн ичинен буларды изилдеген окумуштуулардын атайын эмгектери көп.

–  Бул боюнча өздөрүнүн изилдөөлөрүн жүргүзгөн кытайлык изилдөөчүлөр дагы барбы? Сиз жолуккан кытайлыктар барбы?

– Албетте, биринчи кытайлык изилдөөчүлөр изилдешкен. Мен жолуккан, бир өмүрүн “Манаска” арнаган Лаң Ийң деген улуту кытай айым бар, азыр жашы сексенге келип калды. Дагы бири Тавяң деген окумуштуу. «Манас» эпосун сактап калууда баа жеткис иш алып барган изилдөөчү Тавяңдын эскергени эсимде, ал: “Ошол күжүрмөн топту эстеймин, азыр мен андай ынтымак, андай жан дилинен кызмат кылган топту көрө албадым. 30 жылдык өмүрүн «Манаска» арнаган Лю Фажүндү, «Манас» үчүн кырчын жаштыгын багыштаган, «Манасты» өлөр-өлгүчө которууга ат салган аял Шяң Шижинди, чоң котормочу Пазылды үзүлө түшүп эске алам” дейт ал өзүнүн изилдөөлөрүндө.

– Кытайлык кыргыздардан чыккан изилдөөчүлөр барбы?

-Ооба, бар. Профессор Адыл Жуматурду кытайлык кыргыздардын ичинен биринчилерден болуп «Манас» эпосунун тарыхын изилдеген, илимий ишин коргогон жана кытай тилине Жусуп Мамай вариантындагы «Манас» бөлүгүн которгон. Мамбеттурду Мамбетакундун «Манас эпосунун варианттары жана манасчылык» аттуу «Манасты» изилдеген чоң эмгеги бар. Бүгүнкү күндө Үрүмчүдөгү «Манас» ишканасынын жетектеп «Энциклопедиялык чыгарма «Манасты» универсалдуу изилдөө» ишинин үстүндө. Бир өмүрүн арнаган дагы бир илимпоз, айым Токтобүбү Ысак кызы «Жуңго кыргыздарында «Семетей» эпосунун мазмун курулмалык өзгөчөлүгү» темадагы илимий эмгегин коргогон манас таануучу, Жусуп Мамай изилдөөчү.

– Биз билгенден сиз көп жолу Кытайга каттап, Жусуп Мамайдын үйүнө жашап изилдедиңиз. Жусуп Мамай Кыргызстанга бир нече жолу келип көргөн эле, Жусуп Мамай баш болгон биздин боордошторубуз биздин мамлекетке кандай карайт?

-Бүгүнкү күндө кыргыздар Кытайда официалдуу катталган аз сандуу 56 калктын бири. Албетте өзүбүздүн мамлекетибиз, “Манасыбыз” бар деп сыймыктанышат. Кыргызстанда жашаган кыргыздардан биздин боордошторубуз мамлекеттин ынтымагын, бүтүндүгүн кудайдан тилешет.

Албетте бизде деле көңүл буруулар болбой койгон жок. Жусуп Мамай таануу багытындагы ири бурулуш 2012-жылдан тартып жасалды десек болот.

2013-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин «Манасчы Жусуп Мамайдын кыргыздардын тарыхый жана маданий мурасын сактоо ишине кошкон салымы жөнүндө» № 95 жарлыгы чыккан. Бул жарлыкка негизденип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2012-2017-жылдардын аралыгында “Манас” эпосун сактоо, иликтөө жана кеңири таанытуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук программасынын алкагында Жусуп Мамайдын “Манас” вариантын изилдөө жана ал тууралуу маалыматты жайылтуу иш-чараларын жүзөгө ашыруу милдетин тастыктаган. Албетте жарлык чыкты, бирок көп нерселер аткарылбай калды. Мен бул жарлыкты атам үчүн аябай жакшы окуп билем. Анда бул Жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлгөн. Жусуп Мамайдын вариантындагы сегизилтик академиялык басылышта жарыкка чыкты, эпос орус тилине которулуп жатат. Жалпы маалымат каражаттарынан айтып айкөлдүн ааламын, Жусуп Мамай атабызды унуттурбай “Манаска”, атабызга кызмат кылып жатам деп ойлойм. Жооптуу адамдар жүктөлгөн президентибиздин жарлыктарынын мындан аркы тагдырын карап койсо жакшы болмок.

– Сиздин сөзүңүзгө караганда “Манаска”, Жусуп Мамайга мамлекеттик  деңгээлде көңүл бурулбай калууда  деп ойлойсузбу?

– Манас дагы, Жусуп Мамай дагы менин ортомчу болушума муктаж эмес. Ага капа деле эмесмин. Атам (Жусуп Мамай) “Манас тирүү олуя, жаныңда эле жүрөт”, “өз жолун өзү табат, рух дүйнө бар” –  дечү. Мен болбосом дагы Кытай Эл Республикасындагы кыргыздар документи боюнча 1918-жылы туулган Жусуп Мамайдын 100 жылдыгын өткөрүүгө азыртадан кам көрө баштады. Жылда Жусуп Мамайды эскерүү илимий  жыйындар болуп турат. Саякбай, Сагымбай улуу манасчылар сыяктуу эле, Жусуп Мамайдын 100 жылдыгын дагы өзүбүз үчүн эмес, боордошторубуздун рухун көтөрүп өткөрүп койсок туура болчудай.  Кубанычтары көөдөндөрүнө батпай көтөрүлүп калышмак. Билесизби көчмөндөр оюну өткөн үчүн мактанып, алардын өздөрүнүн макалы бар, ошону айтып бир топ эле дердеңдеп алышты.

– Сиз билген эмне деген макал, биз билсек болобу?

– “Ат-Башыда бир черик бий болсо, Какшаалда он черик маасысын чоюптур” деген. Айтканым Кыргызстанда жакшы иш кылсак Кытайлык туугандарыбыз сүйүнүп калат эле деген сөз.

– Азыр мурунку ата-баба салты унутулуп бара жатат. “Манас” изилдеген адам катары ошол доордогу ырым-жырымдары, ишенимдери сакталып калдыбы, оюңуз кандай? Сиз чыгармачыл адам катары ошол дүйнөдө жашайт эмессизби, адамзаттын баалуулуктарынын эмнеси өзгөрдү?

– Жакшы, көөнө өзүбүздүн кээ бир баалуулуктарыбызды унутканыбыз өкүнүчтүү. Чоң энем “алдыңа кетейин” деп жалынып отурчу. Бул сөздүн өзүндө чоң философия жаткан экен. Балдарынын артында калбай, астында өлүп, ошонун жамандыгын көрбөйүн деген тилеги тура. Жаш балдарды чоң адамдар алдынан өткөрбөй, аркамдан өт, айланба, ай толгондо караба, түнүчүндө ак калбайт деген сыяктуу көптөгөн ырым-жырымдарыбызды унуттук. Ал эми “Манас” эпосу эпикалык чыгарма болгондон кийин билесиз, апырткан, каймана айткан, какшыктаган, кошкон, ушактаган сөздөр бар. Азыркы учурда сакталып калган салттардан ушул нерселер гана калгандай. Жөн гана калбастан андан ашык да болуп кетти. “Манастын” ичиндеги асыл макал-лакаптарын, кыргыздын салт-санаасын кармамак турсун, эпостун өзүн окуган адам аз.

– Мазарларга, рухтарга ишенесизби?

– “Дин –  адамдын башын айланткан апийим” деп Карл Маркстын, Энгельстин окууларын окуп, Советтер Союзун көрүп калдым. Бирок мазар кыдырып бакшы болбосом да, Кытайлык кыргыз, дүйнө жүзүндөгү бирден бир бакшы Абдыкадыр менен Таш Коргонго чейин барып (Тажикстан, Кытай, Кыргызстан чектешкен жер) үйүндө бир жумадан ашык жашап “эки дүйнөнүн” бар экенине ишендим. Манас атабыздын руху бар экенине ишенем. Сөзүм кургак болбосу үчүн буга бир мисал келтирейин. Кошоматчылык кылбай, Манас изилдөөчү катары айтсам Манастын Ала-Тоо аянтындагы, Москвадагы, Изниктеги, Ак-Тоодогу айкелдеринин ачылышы президентибиз Алмазбек Атамбаевдин насибине туш келди. Айкөлдүн ааламы ага уруксат берди. Илгертен кыргыздар “байрак сая кет”, “баланча жерде төлөнчөнүн  руху бар”,  “мазар ал” деп койгон. Ошолордун баары жөн айтпаса керек.

– Азыркы гезиттерге чыгып аткан бирин-бири шыбаган пенделердин бийлик үчүн жасаган аракеттерин жөн эле Кыргызстандын жараны катары кандай кабыл алып жатасыз, айтсаңыз?

– Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов айткандай “адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу”. Өзүмдү-өзүм кандай адаммын? Эл үчүн эмнени кыйратып жасадым? деген суроонун үстүндө жашап келем, өзүн билбеген адам башкалар тууралуу эмнелерди айтмак эле?  Кыргызстандын жараны катары кыргыз элим тынчтыкта,  токчулукта, жакшы күндөрдү кечирип жашашын каалайм. Абыке, Көбөштөн бери келе жаткан бийлик, байлык деген талаш бардык доорлордо болуп келди жана боло да берет. Бир Кудай эле пенделердин ниет, пейлин оңдобосо, эч бир кишиге сын айта-албайм.

– Президенттин эки этаж үй салып жатканы чуу болду, сиз сала берсин дейсизби?

– “Дордойдо” соода кылган кыргыздын кыйын уул-кыздары мамлекетти карабай эле өздөрүнө өздөрү хан сарайларды салып алышкан. Кеткен президенттерибиздей качпай, киндик каны тамган жерге үй салып атканынын эмнеси жаман? Канчалаган кыргыздын кыйындары элдин байлыгын сыртка чыгарып, бөтөн мамлекеттердин казынасы үчүн иштетип аткандарды таап, элге кайтарышса чыныгы баасын алмак.

– “Манас” эпосун канткенде элге жеткирип, окутабыз?

– Акырындан иштер болуп жатат. Манас таануу илими жаатында илимдин кандидаттары, докторлору көбөйүүдө, Манас таануу институту манас таануу боюнча адистерди чыгарып жатат, “Саякбай манасчы” фонду Саякбай жөнүндө кино тартып, өзүңүз күбө байма-бай “Манастын” Сагымбай, Саякбай, Тоголок Молдо, Жусуп Мамай жана башка варианттары басылып чыгууда. Жусуп Мамай долбоору манасчынын 100 жылдыгына даярданууда. Президентибиз, өкмөт манасчыларды чыгарган түптүү кыргыз эли улуттун намысын көтөргөн азаматтар колдоп, көтөрүп кетет деген ойдомун. Биздин долбоор Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына карата Аалы Токомбаевдин келини Светлана Суслованын котормосунда “Манас” эпосунун “Манас” бөлүгүн орусча Москвадан чыгаруунун, ал варианттагы 40 мүнөттүк сахналаштырып драма уюштуруунун, Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына карата “Саякбай манасчы” сыяктуу бир жылдык медаль менен бул жаатта эмгектенген адамдарды сыйлоонун, “Мурас” фонду менен бирдикте илимий конференция өткөрүүнүн болжолдуу пландарын түзүп, даярдык көрүп жатабыз.

– Ооба, залкар манасчы Жусуп Мамай тирүү кезде Кыргызстандан Кытайга бата алуу үчүн агылып канча адамдар барды эле. Мисалга президентибиз барам деп аракет кылган. Р.Отунбаева баш болуп, С.Раев төш болуп, Дүйшөбаев, Турсунбек Акун, ыраматылык Мухтар Өмүракунов, деги эле баргандар көп эмес беле. Бардыгы сизге жардам беришер, ишиңизге ийгилик каалайм.

Маектешкен Э. Ибраимов

Булак: Асман плюс

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: