“Ата Мекен” партиясынан көрсөтүлгөн КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев кызматынан кеткенден бери бул орун ээсин күтүп бош турган. Ал арада “атамекенчилер” мурдагы депутат Асия Сасыкбаеваны министрликке фракция тарабынан көрсөтүшкөн. Эми болсо бул орунга “Кыргызстан” фракциясы учурдагы депутат Таалайгүл Исакунованын талапкерлигин алып чыгышты. Алдын ала маалыматтарга караганда депутат айым жакын арада чындап министрликке барат окшоп калды. Анткени биринчиден, “Кыргызстан” партиясы жаңы коалициянын ичинде болоору күтүлүүдө. Экинчиден, бул айым парламентте өзүн мыкты көрсөтсө-көрсөтпөсө да, ал партиянын артында турган кожоюн Шаршенбек Абдыкеримовдун жакын тууганы деп айтылат. Демек колдоо күчтүү. Анын үстүнө “Кыргызстан” партиясы айымдарга “өч” эмеспи…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ