Menu

Шадиев шашмалыгын көргөздү

Бөлүшүү:

Парламенттеги “Республика – Ата-Журт” партиясынын депутаты, мурдагы министр Аскар Шадиев өзүнүн шашмалыгын коомчулукка көргөзүп койду. Ал кечээ коалиция тараары менен “Бүгүн тарыхый күн, коалиция тарап кетти, бирок Өкмөт иштеп жатат” деп таң калган иши болуп ММКларга чыгып, насилинде “Өкмөттү дароо таратып ийсек жакшы болот эле да…” деп турду. Анткени мурда энергетика министри болуп Өмүрбек Бабановдун оң колу катары министрликтин майын татып калган жаны, “фракция коалицияга кирсе, Конституция менен башымды оорутпай, энергетикага эптеп жетип отуруп калсам” деп тилек кылып жатса керек. Ооба, анткени “РАЖ” коалицияга кирээри менен Өкмөттүн биринчи вицелигин, ошону менен катар талылуу эки-үч министрликти сураары күтүлүп турат. Тагдырдын тараза ташы кайда оору билинбей турган чакта, булар КСДПны кысмакка алып, алчу жерди алганы калды көрүнөт. Болбосо ойт берип кетпейт деген кепилдик жок да…

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: