Menu

А-уу, Асилбек мырза, барсызбы?

Бөлүшүү:

ЖКнын мурдагы төрагасы, учурдагы депутат Асилбек Жээнбеков ушул тапта “чийдин түбү жыпжылуу” деген позицияны карманып таптакыр эле коңулга кирип кетти. Өлкөнүн келечек тагдыры таразага салынып, Конституциянын жаңы долбоору талкууланып жатса, Асыкебиз ак же көк дегенге жарабай, бейкапар эле парламенттин залында басып жүргөнү эмнеси?
Кечээ эле эки чакырылышта төрага болуп турган чакта чакчарылып, парламенттеги операторлордун баскан-турганына чейин тескеп жаткан адамдын бүгүн мындай унчукпас болуп кеткени албетте таң калтырат. Болбосо ушундай оор учурда президентке жардамчы болуп, эң биринчи колдоочу катары өз оюн элге жеткирип, сүрөп турган жерде эмес беле? Же ага сөзсүз эле чоңураак кызмат болушу керекпи? Айтор экс-төраганын бул жүрүшү анын чындап эле саясий лидер катары өсө элегин көргөзүп койгондой болду…

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: