Мурдагы мэр Нариман Түлеевдин кызы Назгүл Түлеева көптөн бери өзү жетектеген курулуш компаниясынын мамлекетке төкчү салыгын төлөбөй келген. Бул тууралуу салык кызматы билдирүү таратты. Ага ишенсек, ушул тапта экс-мэрдин кызы жалпысынан 1,9 млн. сом салыкты төлөбөй жаткан экен. Бул албетте, таң каларлык көрүнүш. Себеби буларда каражат жок дейли десек, шаардын борборунда “Чынар” аттуу гипер маркеттин курулушу болуп көрбөгөндөй тездик менен жүрүп, жыл аягына чейин ишке кирээри жарнамаланууда. Демек, курулуш курууга акча бар, бирок салык төккөнгө каражат табылбайт деп түшүнөбүзбү?
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ