Эртең, 2-ноябрда Кытай Элдик Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцяндын Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келиши күтүлүүдө. Бул тууралу КР өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирет.
Расмий сапардын алкагында Кытай Элдик Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцян Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамабаев, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат.
КР Премьер-министринин м.а. Сооронбай Жээнбековдун КЭР Мамкеңешинин Премьери Ли Кэцяндын расмий жолугушуусу «Манас» эл аралык аэропортунун расмий делегациялар залында өтөт.
КР Премьер-министринин м.а. Сооронбай Жээнбековдун жана КЭР Мамкеңешинин Премьери Ли Кэцяндын эки тараптуу жолугушуусу «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында өтөт, анда кеңири чөйрөдөгү маселелер, тактап айтканда, соода-экономикалык кызматташтык, маданий-гумантирдык байланыштарды чыңдоо маселелери, транспорт, өнөр-жай жана энергетика жаатындагы биргелешкен долбоорлор талкууланат.
Расмий сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар өкмөт аралык жана ведомство аралык документтерге кол коюлат.
Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын жүрүшүндө Ли Кэцян 2016-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ