Menu

Шавкат Мирзиёев виртуалдык кабылдамасындагы кайдыгерлик үчүн аткаминерлерди жазалады

Бөлүшүү:

Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзиёевдин виртуалдык кабылдамасына келген жарандардын кайрылууларын кароодогу кайдыгерлик үчүн өкмөттүн бир нече аткаминерине сөгүш жарыяланды. Кызматтык адамдардын өз милдеттерин аткаруудагы шалакылыгы тууралуу маалыматтар социалдык түйүндөргө жарыяланды.

Каржы министрлигинин алдындагы Пенсиялык фонддун аткаруучу директору Дилшод Султановго сөгүш жарыяланды. Себеп катары жасалма бут тагып жүргөн уулун жыл сайын текшерүүдөн өткөрүп убара болуп жаткандыктан, ага биротоло майыптык кагазын жазып берүү тууралуу жарандардын биринин кайрылуусуна формалдуу мамиле кылгандыгы көрсөтүлгөн.

«Анын уулунун бутунун калыбына келбесин эске алуу менен жыл сайын текшерте берүү формалдуу гана процедура болуп калууда, бул анын үй-бүлөсү үчүн кошумча кыйынчылыктарды жаратат», – деп жазылган билдирүүдө.

Эмгек министрлигине болсо анонимдүү болгондуктан «арыз ээси менен байланышууга мүмкүн болгон жок» деген жүйө менен кайрылуулардын бирин жабууга жооптуу адамды табуу үчүн кызматтык териштирүү жүргүзүү тапшырылды. Ошондой эле күнөөлүү аныкталгандан кийин аны менен эмгек келишимин бузуу керектиги белгиленди.

«Ташкенттин Мирабад районунда жашаган Е.Каравайкина аттуу жарандын кайрылуусун кароодогу кемчиликтерге байланыштуу аталган райондун башчысы Шарафиддин Кадировго сөгүш жарыяланды», — деп айтылат билдирүүдө.

Андан сырткары «Тошиссмккуввати» ишканасынын Мирабад өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мухамедов кызматынан алынды. Ошондой эле жарандардын маселелеринин биринин оң жакка чечилгендиги тууралуу документтерди жасалмалагандыгы үчүн Наманган облусунун Папский районунун акими Жавлонбек Юлдашевге сөгүш жарыяланды.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − 31 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: