Астананын тургуну күрөөкана тоноого аракет кылган деген айып менен сегиз жылга эркинен ажыратылды. Астананын райондор аралык соту 42 жаштагы Лери Свинидзени кылмыш даярдоого жана адамдарды барымтага алууга күнөөлүү деп тапты.
Тергөөнүн версиясы боюнча, Сванидзе 14-августта болжол менен тоноо максатында Астананын Кенесары көчөсүндөгү күрөөканага кирип, анын эки кызматкери менен бирге имарат ичинде камалып калган. Көп өтпөй алар чыгарылган.
Буга чейин сотто айыпталуучу андай кадамга үй-бүлөсүндөгү оор каржылык абалдан улам барганын айткан. Адвокаттар сотко ишти жеңилирээк жаза каралган беренеге өзгөртүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Өз кезегинде прокурор Сванидзени он жылга эркинен ажыратууну суранган. Судья Асхат Аширбеков өкүмдү окуп жатып Сванидзенин мүлкү конфискацияланарын айтты.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ