Menu

Тажикстанда адвокаттар ишкерлердей салык төлөп башташат

Бөлүшүү:

Тажикстанда жеке адвокаттарды ишкерлерге теңөө чечими күчүнө кирди. Эми алар ишкерлердей салык төлөп башташат.

Тажикстандын Салык комитетинин чечимине ылайык, жеке ишмердүүлүк менен алектенген адвокаттар ишкерлерге теңелип, мамлекетке кошумча салык төлөп турушу керек болот. Жактоочулар үчүн кирешесинин 6% өлчөмүндөгү жөнөкөйлөтүлгөн жаңы салык киргизүү тууралуу чечимге Салык комитетинин төрагасы Нусратулло Давлатзода ушул жылдын 5-сентябрында эле кол койгон, бирок анын тексти мекеме сайтында 31-октябрда гана пайда болду. Чечим 2016-жылдын 1-ноябрынан тарта күчүнө кирди.

Буга чейин Тажикстанда жеке адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенген юристтер социалдык салык катары мамлекетке кирешелеринин 1% төлөп келишкен. Эми аларга «жөнөкөйлөтүлгөн» деп аталган алты пайыздык жаңы салыкты да төлөөгө туура келет.

Жактоочулар салык органдарында өлкөнүн Юстиция министрлиги тарабынан берилчү лицензиялар боюнча катталышат.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 17 = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: