Menu

Түштүктөгү жападан жалгыз ветлаборатория 1935-жылы курулган

Бөлүшүү:

Кыргызстан – агрардык жана мал чарбалуу өлкө. Андыктан, ЕврАзия экономикалык биримдигинин талабына ылайык Бишкек жана Ош шаарларында ветеринардык лабораториялар милдеттүү түрдө заманбап реконструкцияланышы кажет! 

Ансыз Казакстан өңдөнгөн ЕврАзия экономикалык биримдигинне мүчө өлкөлөр Кыргызстанда өндүрүлгөн азык-түлүктөрдү Мекенине таптакыр киргизбей курутушат.

Кыргызстандын түштүгүндөгү жападан жалгыз Ош шаарында гана жайланышкан ветерианардык лаборатория тээ өткөн кылымда, тактап айтканда, 1935-жылы курулган. Анткени, айтылуу Жибек Жолунда жайланышкандыктан, кербендер дайыма минген, же такай жүк ташыган төөлөр жана эшектер жолдо таптакыр баспай калышкан. Анткени, алар бүт сибирь жарасы дартына чалдыгып, сооданы үзгүлтүккө учуратышкан. Ошондо орустар Ош шаарына бул ветеринардык лабораторияны аргасыздан курушкан. Анын кызматынан Фергана өрөөнүндө жайланышкан Өзбекстандын бүт облустары дагы кең-кесири  пайдаланышкан.

Бирок, Союз урагандан кийин Ош шаарындагы жападан жалгыз ветеринардык лаборатория (азыркы аталышы Ош аймактык ветерианардык диагностика жана экспертиза борбору) анчалык деле каралбай калды. Буга улай ишканада туруктуу эмгектенишкен кызматкерлердин саны 87 эле. Улам кыскарып олтуруп, азыр булардын 17си гана калды. 2012-жылы лабораторияга таандык бухгалтерия бүтүндөй жоюлгандыктан, анын кеспетинен жергиликтүүү бюджетке сокур тыйын дагы түшпөй калды. Система кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн бүтүндөй борборлоштурулуп, жалаң гана Бишкектен башкарылгандыктан, Ошто эмгектенгендер азыр борбордун гана көзүн карап, мурдагыдай өз алдынча жумуш жасаганды таптакыр эле унутушту.

Жакында ЕврАзия экономикалык биримдигинин атайын комиссиясынын дыкаат текшерүүсүнөн кийин гана Ош шаарындагы ветеринардык лабораторияны жаңылоо жана кайрадан куруу жараяны ыраса күчөтүлдү.

– ЕврАзия экономикалык биримдигинин “Ош шаарындагы ветеринардык лабораториянын Биримдик шартында жана анын талабына ылайык иштөөгө даярдыгы жок!” дегенден бери аталган Ош аймактык ветерианардык диагностика жана экспертиза борборун заманбап жаңылоо күчөтүлдү, – деп кепке кошулду Ош аймактык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун башчысы Ислам Абдымомунов. – Ошентсе дагы орто жолдо куюшканга кыпчылгандар бизди дагыле күйгүзүп жатышат. Алар Оштогу бул лабораторияны биротоло реконструкциялоону атайылап кечеңдетип, биздин ишибизге ачык эле бут тосуп атышат.

Ошентсе да, аталган лабораторияны заманбап жабдуу максатында Орусиядан 37 миллион рублдик жабдыктар келатат. Анын бардыгы Жапония өндүрүшүнөн гана чыгарылган. Муну иш жүзүндө пайдаланууну үйрөнүү үчүн Ош аймактык ветерианардык диагностика жана экспертиза борборунун үч кызматкери ушул тапта четөлкөдө окуп жүрүшөт.

– Ветеринардык лаборатория кутурма, сибирь жарасы, чечек, кыргын, сасык тумоо өңдөнгөн тез тарачу дарттарды дыкаат жана үзгүлтүксүз текшерет. Бул максатта дал ошол лаборатория шартында жан-жаныбарларды сыноону дагы моминтип ого бетер күчөттүк! – деп кебин улантты Ислам Абдымомунов. Мени абдан эле кооптондурганы: ветеринардык лаборатория 220 вольтттон кем эмес кубаттуулуктагы электр энергиясын талап этет. Эгерде ушундай өлчөмдөгү  электр энергиясы менен туруктуу түрдө камсыз этилбесе, жабдык сөзсүз бузулат. Анан аны оңдоо дагы абдан көп каражатты талап кылат. А сатып алышы андан беш бетер кымбатка түшөт. Ошону үчүн ветеринардык лабораториянын жанына кошумча электр бекетин, өзүнчө трансформаторду орнотуу абзел!

Жергиликтүү серепчилер ЕврАзия экономикалык Биримдигинин талабына ылайык Ош шаарындагы эскирген ветлабораторияны кайрадан оңдоо жана эң акыркы технологиялар менен жабдуу заман талабы деп эсептешет.

– Ош шаарында чет өлкөлүктөрдүн жардамы аркасында жаңыланган ветеринардык лабораториянын – логистикалык борбордун ачылышы өлкөбүз үчүн абдан чоң утуш! – дейт кубанычы койнуна батпаган экономикалык серепчи Эркин Абдыразаков. – Менимче, адистер жетиштүү. Аларды кайрадан окутуп, анан гана натыйжалуу пайдаланганыбыз оң. Мындан тышкары Оштон чыгарылган ар бир продукциянын сертификатын Кыргызстан өзү гана бергени оң. Кокус башка мамлекеттерге мындай мүмкүнчүлүктү алдырып жиберсек, албетте, экономикалык жактан куп эле уттурабыз.

Булак: “Майдан.kg” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: