Menu

Айгерим Тургунбаева: «Студент балдарым бар десем, баары таң калышат»

Бөлүшүү:

Айгерим Тургунбаева — өлкөбүздүн эң алдыңкы иштерман кыздарыбыздын бири. Аны менен жолукканда жаңы эле балдарыма акча жөнөттүм деп айтып калды. Жаштыгына карабай үч студентти тарбиялап окутуп  жаткан Айгерим балдары  жана башкалар жөнүндө айтып берди.

Кайрымдуулук менен 8 жылдан бери алектенип келем

Жарандык жоопкерчилик деген нерсе бар. Эгерде сен коомчулуктун бир бөлүгүн түзсөң, ал үчүн салымыңды кошушуң керек. Кыргызда  аманат деген жакшы сөз бар. Ошол эле учурда ар бир адамда өзүнө тиешелүү түйшүгү болот. Ошого карабастан, кандай гана кыйынчылык болбосун жардам берүү  атуулдук милдетим экенин түшүнгөм. Кайрымдуулук менен 8 жылдан бери алектенип келем. Мен үчүн кандайдыр бир уюм түзүп кайрымдуулук кылуу маанилүү эмес. Жардам бергиси келген адам  өзүн кайсы бир уюмдун негизинде чектебейт, ал жөн гана башка жолдорун табат. Фейсбукта “Үмүт чырагы” аталыштагы баракча бар. Ал жакта ыктыярчылар иш алып барат. Жыл сайын эки-үч жолу кайрымдуулук акцияларын уюштуруп турабыз. Алыскы аймактардын балдар үйлөрүнө жардам көрсөтөбүз.

Балдарымдын чыгымдары менин мойнумда

Өткөн жылы Караколдо уюштурдук. Кайсы бир иш-чаралардын биринде Борбордук Казань университетинин өкүлү Клара Хакимовна менен таанышып калдым. Ал эл аралык кызматтташуу жаатында иштейт экен. Сүйлөшүп отуруп балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн кандайдыр бир долбоор иштеп чыксак болобу деп сурап калдым. Даректерибизди алмашып, кийин Клара Хакимовна бул идеяны университетке сунуштады. Ошентип биздин балдар үчүн университет беш квота берет. Караколдогу балдар үйүнүн мүдүрү менен сүйлөшүп, жакшы окуган беш баланы тандап алдык. Клара эже экзамен алганы Бишкекке келди. Алар экзамен тапшырып, университеттин кошумча колдоосу менен кабыл алынышты. Андан кийин жол киресине акча керек болуп, социалдык тармактардын жардамы менен чогултуп, беш балага учак билетин алып узаттык. Билим алуусу бекер, тамак-ашы жана жатаканасын өзүбүз көтөрөбүз. Башында демөөрчүлөр чыккан, кийин баш тартышты. Балдардын чыгымдары менин мойнума жүктөлдү. Биринчи курсту аяктаган соң келишти. Алар мени “апа” деп аташат. Апа деп кайрылгандарына азыр көнүп калдым. Студент балдарым бар десем, баары таң калышат. Дароо жашымды сурашат.

img_9710 Элдер мени ак кол деп ойлошу мүмкүн

Үй-бүлөдө эң улуусумун. Менден кийин эки иним бар. Балдардын арасында чоңойдум. Үй-бүлөбүздө атабыз башчы. Тарбияны жакшы беришти. Тартип бизде катуу болчу. Айрымдар “сен ыйлаганды билесиңби?” деп да сурашат. Бир жолу катуу ыйлап жатканымды атам көрүп калып, экинчи жашыңды төгө көрбө деп катуу айтканы эсимде. Бул мага катуу мотивация болдубу, айтор ошондон кийин ыйлаганды токтотком. Эртеңки күнү бардык нерсени өзгөртүп чечсе болот деген түшүнүк менде бар. Биздин балалык 90-жылдарга туш келди. Эсимде, жайында жолдун боюнда дарбыз, күзүндө Ош базарында картошка сатчубуз. Талаада кулпунай да терип калдык. Элдер мени ак кол деп ойлошу мүмкүн. Бирок  мен бул нерсеге кошулбаймын. Бала чагымда бир шаардан экинчи шаарга көп эле көчтүк. Мектептер, достор алмашты. Бирок менин жанымда дайыма китептер болчу. Атам абдан көп окугандыктан үйдө китеп көп эле. Мектепке чейин эле окуганды үйрөнүп алып, көркөм адабиятты кайра-кайра окуп чыкчымун. Студент болгонумдан тарта өзүм каражат таап баштагам. Буйрутмага ар кандай диссертацияларды, курстук иштерди жазчумун.

img_9785

Идеяларым узак жолдо пайда болгон

Бара-бара кыялдарым орундалып башталды. Мен дайыма Европанын тарыхый шаарларын, жомоктогудай ак сарайларын көрүүнү кыялданчумун. Ошентип максатым орундалды. Конференциянын арты менен Парижге учтум. Кечинде жеттик, бул учурда Эйфель мунарасы жаркырап турган экен. Анын жанындагы отургучтарга отуруп, өзүмдү бош кое бердим. Көзүмдөн алгачкы жолу бакыттын көз жашы төгүлдү деп айта алам. Окуу боюнча барганда Европанын түндүк жагын кыдырдым. Эгерде мага тандоо бергенде Флоренцияда жашамакмын. Бул шаар жашоого  абдан ыңгайлуу. Менимче жашоонун сүртүмдөрү көз алдыма жолдо жүргөндө тартылат. Бир жерде жашап-иштеп жүргөндө жашоо кадимкидей өтө берет. Жолдо ойлонгонго убакыт табылат. Менин бардык идеяларым  жолдо пайда болгон. Учканга караганда жол жүргөн жагат.

Кыргызстандан кетүү кыйын эмес

Канча эл, жер көрсөк да, баарыбызда мекенибиз менен салыштырууга мүмкүнчүлүк бар. Балким экономикалык жаатта  же болбосо ыңгайлуулук жагынан биз арттабыз. Эң негизгиси, тарых бизге калтырган, өзгөчөлүктөрүбүздү сактап калуу абдан маанилүү. Кыргыз экенибизди унутпашыбыз керек. Мага италиялык журналдан редакторлук кызматка сунуш түшкөн. Ал жакта Азияга арналган бөлүк бар экен. Тилди билбесем да котормочу менен камсыз кылабыз дешкен. Айтарым, Кыргызстандан кетүү кыйын эмес. Андан да бул жакта калып бир нерсе жасоо маанилүү. Бардык тааныштарымда чет жакка кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бирок алар “Кыргызстан” деген адамдар. Өлкөдө жаштар менен системалуу иштеген программа жокко эсе. Эгерде биз жаштар менен иштебесек, эреңки күнү алардан эмнени күтсөк болот? Ошондуктан мен жаштар менен ар кандай долбоорлордун үстүндө көп иштеймин. Күчкө толуп турган мезгилде мекениң үчүн кандайдыр бир салым кошуу керек деп эсептеймин. Учурда өлкөм үчүн пайдалуу нерсе жасайын деген позиция менен жашаймын.

img_9827

Эркектер жоопкерчиликтүү болушат

Мен дайыма эркектердин көңүл борборундамын. Үй-бүлөдө, университетте же болбосо учурдагы жумушумда болобу. Менин айланамдагы эркектер эшикти да ачып берет, пальтоңду да илип коет. Албетте, коомчулукта кыз-келиндерге кол көтөргөндөр да бар. Бирок  бул кишилер чөйрөсүнө жараша өзгөрө баштайт. Эркек киши аял себепчи болбосо, эч качан чыр чыгарбайт. Мен мисалы, эркектер менен иштегенди жактырам. Алар жоопкерчиликтүү болушат. Көйгөйлөрдү жаратышпайт, бир багытты көздөп, ишти аягына чыгарышат. Аялдар менен иштөө кыйын. Көпчүлүк кыз-келиндер сүйлөшкөндү жактырышат. Мен аны анча жактыра бербейм. Ойлорумду ичимде сактаган адаммын.

Мага жан дүйнөмө жакын адам керек

Кыздардын көбү үй-бүлөнү каржылоо булагы катары кабыл алышат. Менимче  алар өзүн-өзү каржылоо жоопкерчилигинен баш тартышат. Эгерде мен да байлыкты кубалап жашасам, эчак эле турмушка чыгып кетмекмин. Бирок мага жан дүйнөмө жакын адам керек. Менин кызыгууларымды тең бөлүшүп, колдоп турушу зарыл. Адам менен өмүр бою бирге болуу үчүн аны жактыруу жетишсиз. Эң биринчи ортодо сүйүү болсун. Анткени сенде жер көрүүгө, ар кандай адамдар менен баарлашууга мүмкүнчүлүк болгон учурда булардын баарынан баш тартуу үчүн татыктуу адамың болушу шарт. Эгерде сүйүүмдү жолуктурсам, баарынан баш тартууга даярмын.

Элвира Акимова

Булак: Де-Факто 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: