Menu

Реформанын башкы максаты – элдин ишенимине ээ болуу

Бөлүшүү:

-Курсан мырза, кыргыз милициясынын 92 жылдык мааракесин кандай тосуп жатасыңар, тарыхына кичине токтоло кетсеңиз?

-Ооба, быйыл кыргыз милициясы өзүнүн уюшулгандыгынын 92 жылдыгын белгилеп жатат. 92 жылдык тарыхы бар кыргыз милициясы өздөрүнүн көөнөргүс эмгеги менен бүгүнкү күндө да улуу муундагы аталарыбыздын, агаларыбыздын даңктуу жолун татыктуу улантышууда деп айтсам жаңылышпаймын.

Кыргызстанда алгачкы милиция түзүмдөрү 1917-жылы эле пайда боло баштаган. Падышалык бийлик кулап, совет бийлигин колдогон уюмдар түзүлүп, алар эң биринчи кезекте өлкөнүн ички тартибин көзөмөлгө алуу үчүн жер жерлерде жумушчу-дыйкан милициясы уюшулган.

Бирок Кыргызстандын аймагында Иманалы Айдарбеков башында турган мамлекеттик бийлик 1924-жылы толук кандуу Кара-Кыргыз Автономиялуу облусун түзүүгө жетишкенден кийин гана милиция кызматы да официалдуу түрдө өз ишин баштаган, анын биринчи башчысы болуп А.Арумов дайындалган.

Ал эми 1927-жылы 7-мартта Кыргыз АССРин түзүү боюнча декларация кабыл алынып, Борбордук Аткаруу Комитети Эл комиссарлар Советин түзүп, анын төрагасы болуп Ж.Абдрахманов шайланган. Анын курамында биринчи ички иштер Эл комиссары болуп Искендер Жанузаков бекитилген.

Кыргызстан өз алдынча көз карандысыз мамлекет болгондон кийин, 1994-жылы кыргыз милициясынын уюшулган күнү 1-ноябрь болуп калды.

Өзү басып өткөн  даңктуу тарыхында Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ички иштер органдарынын өздүк курамынын үчтөн бир бөлүгү Ата мекенин фашисттик баскынчылардан коргоо үчүн согушка аттанышкан. Cогушта көргөзгөн эрдиктери үчүн 1945-жылдын август айында республиканын 1400 милиция кызматкерлери орден, медалдар менен сыйланышкан.

Айрыкча 1999-2000-жылдардагы республикабыздын түштүк аймагына басып кирген эл аралык террористтерди жок кылууда милиция кызматкерлеринин эмгеги өзгөчө бааланды. 2010-жылдагы июнь коогалаңында, башкача айтканда улут аралык кагылышта, мамлекет үчүн эң оор абалда милиция кызматкерлери өз өмүрлөрүн аябай элдин тынчтыгын, туруктуулугун камсыз кылуу менен, натыйжада Кыргызстандын бүтүндүгүн сактоого эң чоң салымын кошкон. Муну коомчулук жакшы билет.

Кыргыз Республикасы көз карандысыздык алган 1991-жылдан бери эле элдин бейпилдиги үчүн кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө 50дөй  кызматкер баатырларча курман болгон. Алардын ысымдары элдин эсинде түбөлүк сакталып, аттары алтын тамгалар менен ИИМдин мемориалдык тактасында жазылып калды. Бүгүнкү күндө кыргыз милициясына көөнөргүс эмгек өтөшүп, өздөрүнүн ак эмгегин, өз өмүрлөрүн аябаган эрдиктери менен аттары ИИОнун катарында аталып келаткан кесиптештерибиздин аттары коюлган 9 мектеп жана 32 орто мектеп, 12 айылдык милиция бөлүмчөсү жана жүздөгөн көчөлөр бар. Ал эми ИИМдин Академиясы алгачкы генерал Э.Алиев, Атайын орто мектеби генерал Ж.Шабиров жана Борбордук музейи С.Наматбаевдин  атынан коюлган. Республикада биринчи жолу Тоң райондук ички иштер бөлүмүнө кызмат үстүндө курман болгон милициянын генерал-майору Ч.Алиевдин ысымы берилди.

Ал эми 92 жылдын аралыгында ИИОнун тармагын 41 министр жетектеп келди. Алар өз мезгилине, өз дооруна адамгерчилик абийир-ариетине жараша ички иштер органдарынын кадыр-баркын көтөрүү, өлкөдө коомдук тартипти орнотуу, кылмыштуулук менен күрөшүү багытында  көп иштерди жасагандыгын тарых тандырбайт.

– Реформа багытында кандай жумуштар аткарылып жатат?

Буга чейин жалпыга маалым болгондой, биздин да министрлик ички иштер органдарын реформалоо боюнча иш-чараларды колго алып келген. Алсак, 2013-жылы КР Ɵкмөтү тарабынан “КР Ички иштер органдарынын  реформалоо боюнча чаралар” жөнүндө токтом кабыл алынып, ИИМ өз убагында:

ИИОнын ишмердүүлүгүн баалоонун жаңы критерийи, бул негизинен кылмыштын бетин ачууда пайыздык көрсөткүч негизги болбой,  ички иштер органдарынын жумушун баалоону коомчулук тарабынан жүргүзүлө баштаган;

ИИОна кызматка алуу боюнча сынактык кароолор киргизилди;

– ИИОна жарандык сектор менен тыгыз байланышта иш алып баруу максатында  өкмөт тарабынан жобо кабыл алынган жана башка багыттар боюнча активдүү түрдө ишке ашырып келген.

Бирок  өзүңүзгө маалым болгондой, жалпы укук коргоо органдарын реформалоо зарылчылыгынан улам КРнын Президентинин 2016-жылдын 18-июлунда №161 сандуу жарлыгы жарык көрүп, Коргоо Кеңешинин чечимине ылайык укук коргоо  органдарын реформалоо маселесин ишке ашыруу боюнча иштер колго алына баштады. Ага ылайык ИИМде алты багытта ишмердүүлүк аныкталат. Бүгүнкү коргоо Кеңешинин чечимине ылайык бизде криминалдык милиция, коомдук милиция, экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү, баңгизаттарга каршы күрөшүү, тергөө кызматы жана өздүк коопсуздук кызматы түзүлүүнүн алдында турат. Коргоо кеңеши жүргүзүп жаткан реформаны колдоп, ошону менен бирге, Коргоо кеңешине өзүбүздүн сунуштарыбызды бердик.

Реформанын башкы максаты – элдин ишенимине ээ болуу менен укук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуучу натыйжалуу тутумду түзүү.

92 жылдыкты утурлай ички иштер министрлиги ИИМдин тутумунун практикалык ишмердүүлүгүн жана уюштурууну жакшыртуу боюнча бардык аракеттерди көрөт.

Мындан сырткары азыркы учурда адамдын укугун коргоо максатында КР Жогорку Кеңешинде Кылмыш-Жаза Кодексинин, Жаза процессуалдык кодексинин жана Жоруктар (Укук бузуу) жөнүндөгү кодексинин жаңы долбоорлору каралып,  ИИМдин атынан көптөгөн толуктоолор жана өзгөртүүлөр  берилген.

Реформа жүргүзүүнүн алкагында милиция кызматкерлеринин аң-сезимин өзгөртүшүбүз керек. Милиция дагы коом өзгөргөн сайын өзгөрүп, өнүгүүнүн үстүндө болушу зарыл. Жөнөкөй сөз менен айтканда, ар бир кызматкер дайыма өзгөрүүнүн, өнүгүүнүн, изденүүнүн үстүндө болуп, бүгүнкү учурдун талабына ылайык ар тараптуу, чыныгы профессионал болуунун үстүндө умтулуусу керек.

– “Коопсуз шаар” долбоору боюнча эмнелерди айтасыз?

Бул долбоор негизинен азыркы учурдун талабына жооп бере турган, коомчулукка дагы, ошондой эле укук коргоо органдарына, анын ичинен ички иштер органдарына эң керектүү,  реформанын жүрүшүнүн алкагында эң бир көрүнүктүү багыт. Коомчулукта кызыгуу жараткан “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу чыны менен созулуп кетти. Буга чейин аталган долбоор боюнча эки жолу тендер өткөрүлүп, объективдүү, субъективдүү себептерден улам тендер толук кандуу иш жүзүнө ашкан эмес.

Бул долбоор коомдук тартипти, коопсуздукту сактоодо,  кылмыштуулуктун бетин ачууда, жол кыймылынын эрежелерин бузууну алдын алуу, жол-унаа кырсыктарынын санынын азайышына  өзгөчө шарт түзүп, долбоорго  сарпталган акчаны тез арада кайра мамлекеттик бюджетке кайрып бере алат.

Менин оюмча, бул долбоорду биринчиден мамлекет өзү коопсуздук маселелерин эске алуу менен же гранттардын эсебинен же мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн алкагында иш ишке ашырса жакшы болмок.

Өткөрүлгөн тендерге катышкан компаниялардын кээ бири сотко арыз менен кайрылышкан болчу. 2016-жылдын 30-сентябрь күнү Бишкек шаардык соту тарабынан каралып жаткан жарандык иш, арыз ээлери баш тарткандыгына байланыштуу кыскартылган. Азыркы учурда бул багытта Өкмөт тарабынан керектүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Жакын арада   “Коопсуз шаар” долбоору иштеп баштаарына  ишенемин.

Айта кетчү нерсе, 21-кылымда техниканын өтө тездик менен өнүккөн учурунда,   ИИМде да  маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы түзүлгөн. Бул башкармалыктын негизги милдети ИИОну автоматташтыруу, иш кагаздарын электрондук жүргүзүүнү тармактар аркылуу, жарандарды тейлөө боюнча соттолгондугу тууралуу маалым катты берүүдө адамдык факторлорду болтурбоо же коррупцияны жоюу  үчүн атайын техникалык тапшырмалар жазылып, программалык камсыздоолор үчүн каржы маселеси чечилсе көптөгөн өзгөрүүлөр болот.

Ал эми Электрондук ККК (КУП) – бул кылмыштар жөнүндө арыздарды, билдирүүлөрдү, даттанууларды жана башка маалыматтарды каттоо, эсепке алуу жана кароону кабыл алуучу электрондук китеп.

Кылмыштар жөнүндө арыздарды, билдирүүлөрдү каттоонун, эсепке алуунун жана кароону кабыл алуу стадиясынын ачыктыгын камсыз кылуу жана бирдей тартибин аныктоо. Башкача айтканда, жарандардын кандай гана арыз даттануулары кагаз жүзүндө, электрондук түрдө же оозеки билдирүүлөр  болобу тез арада катталып, аймактык ИИОдон ИИМге онлайн режиминде маалымдалып, кылмыштарды жаап-жашыруу деген толугу менен жок болуп, адамдык факторлор азайып, жарандардын убактысы үнөмдөлүп, кайрылган жарандар өздөрүнүн арыздарын электрондук түрдө көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк алышат. Бул да болсо элдин милицияга болгон ишенимин арттырат.

-Кандай социалдык жардамдар көрсөтүлүп жатат?

-Жалпы эле укук коргоо органдарына, анын ичинен ИИМдин кызматкерлерине социалдык жактан коргоо иш-чаралары өлкө башчыбыз Алмаз Шаршеновичтин колдоосу менен акыркы убактарда  өзгөчө көңүл бурулууда.

Тактап айтканда 2015-жылы Бишкек, Баткен, Ош, Балыкчы шаарында, Чүй облустарында милиция кызматкерлери үчүн – 321 батир салынып тапшырылды. Жалпы 344 млн. сом жумшалды.

Милициянын атайын багыттагы полкуна Бишкек, Ош, Баткен облустарында, Балыкчы шаарында имараттар курулду. Ал эми Нарын шаарында спорт комплекси курулуп, 231млн. 221 миң сом жумшалды.

Быйыл болсо Бишкек шаарында 207 квартира курулуп 1-ноябрга карата бериле турган болсо, Ош шаарында 220 квартира курула баштады. Ал эми ушундай турак-жайлар Жалал-Абадда 100, Токмок шаарында 40 батирлүү үй, бардыгы болуп – 567 батир курулуп жатат. Буга 910 млн.789 миң сом акча бөлүнгөн. Нарын областтарында кызматкерлер үчүн 60 батирлүү үй куруу пландаштырылып жатат.

-Патрулдук милиция боюнча Грузиянын методун качан колдонуп, полиция деген аталышка качан өтөсүздөр?

-Өзүңүздөргө маалым болгондой, 2016-жылдын 3-мартында Өкмөттүн “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишмердигин уюштуруунун айрым маселелери тууралуу” №112 сандуу токтому жарык көрүп, анда КРнын ИИМнин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын жобосу бекитилди.

Аталган токтомдун талаптарына ылайык 2016-жылдын 1-июлунан тарта республика аймагында жол-кайгуул кызматы менен кайгуул-күзөт кызматынын бөлүктөрү бириктирилип, жаңы Патрулдук милиция кызматтары түзүлүп толук кандуу иштей башташты.

Жер-жерлердеги Патрулдук милиция бөлүмдөрү коомдук жайларда, унаа жолдордо жана унааларда жасалып жаткан укук бузуулар, кылмыштар тууралуу билдирүүлөргө кыска убакыт аралыгында чара көрүү багытында да бир топ иштерди аткара алды.

Бүгүнкү күнгө КР ИИМнин ПМББнын керектөөсүнө  539  жеңил автоунаа каражаты болушу керек, азыркы учурда болгону 354 даана автоунаа каражаты баланста турат, кошумча 202 даана жеңил автоунаа каражаты   керектелет.

Патрулдук милиция иштегенине болгону 4 эле ай болду. Негизинен бул долбоор керек, бирок аны колдонуу сөзсүз түрдө өзгөрүүлөргө дуушар болот. Мисалы, Бишкек, Ош шаарларында башкача иш жүргүзүүсү, ал эми калган аймактарда башкача тартипте жүргүзүлүүсү зарыл. Мисалы, бардыгы эле экипажда жүрүп, эл көп топтолгон жерлерге, базарларга, парктарга,  соода борборлоруна  ж.б.  бара албай калышкан. Ошондуктан иштөө ыкмасын өзгөрттүк, жол коопсуздугун камсыз кылган кызматкерлерди өзүнчө маршрут менен, ал эми коомдук тартипти камсыз кылуучу жана 102 телефонуна түшкөн кайрылууларды тейлөөчү кызматтар өзүнчө аймактарга бекитилди.

Ал эми  Грузиянын тажрыйбасын колдонуу болот, тактап айтканда аларда Жол кайгуул кызматкерлерине сын-пикирлер көп айтылып, коррупцияны жоюу максатында  бир заматта эле жол кайгуул кызматкерлеринин бардыгын кызматтан  айдап, конкурс аркылуу  тандап алуу жүргүзүлгөн. Калыстык үчүн айтуу керек, алардын айлык маянасы өтө жогору, материалдык-техникалык базасы, формалары, социалдык камсыздалышы эң акыркы үлгүдөгү жабдуулар менен камсыздалган. Аларда “Коопсуз шаарга” окшогон долбоорлору бүтүндөй автоматташтырылган. Аны түзүү үчүн да АКШ жана Евросоюздан грант алып, эбегейсиз акча каражаты бөлүнүп берилген. Эгерде ички иштер органдарынын кызматкерлеринин айлык маянасы жок дегенде 30-40 миң сом болуп, материалдык-техникалык базалары заманбап техникалар менен жабдылып турса ар бир кызматкер эч бир башка нерселерди ойлонбой, өздөрүнүн кызматтык милдетин так аткарып, ордун сактап калуу үчүн кызыкдар болушат. Ал эми кызматтык тартипти бузган жана талапка жооп бербеген  кызматкерлерди кайрадан кызматка алуу мүмкүн болбогондой ченемдер киргизилмек.

Ал эми оперативдик кызматкерлерди жалпысынан айдап, кайрадан жаштарды ишке алуу максатка ылайыктуу эмес, себеби бир ыкчам кызматкерди окутуу мүмкүн, бирок аны иш тажрыйбасы жагынан даярдоо үчүн көптөгөн убакыт  талап кылынат.

Милициядан полицияга өтүү маселеси бул аты эле эмес, заты да жакшы болуусу зарыл деп эсептеймин. Учуру келгенде, дүйнөлүк тажрыйбаны колдонуу менен акча каражаттары табылса бул маселе дагы чечилет.

–  Эл аралык байланыштар боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатат?

-Жакында эле өлкө башчыбыз менен кошо биздин министр да Грузия мамлекетине расмий иш сапар менен барып, Грузиянын ИИМи менен биздин министрликтин ортосунда ар тараптуу кызматташуу боюнча  макулдашууларга кол коюп келди.

Бүгүнкү күндө биздин министрлик жакынкы жана алыскы 20дан ашуун мамлекеттер менен ИИМнин ортосунда кызматташуу боюнча келишимдер түзүлгөн жана 36 мамлекет менен мындан аркы кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Коңшу мамлекеттер менен тыгыз байланышта иштеп жатабыз.

Казакстан менен жарандарды өз мекенине кайтаруунун тартиптери боюнча келишимге кол коюлду. Бул жолугушууда Казакстан ИИМ министри Касымов Кулмухаммед Нурмухаммедович менен жолугуп, мындан аркы кызматташууну арттыруу боюнча кеңири пикир алышуу жүргүзүлдү. Бул да болсо өз кезегинде коңшу мамлекет менен кызматташтыкты арттырууга чоң өбөлгө түзүп, биринчиден биздин мигранттар кандайдыр бир мыйзам бузган болсо соттук кароосуз эле бизге кайтарылат, экинчиден алардын өздүгүн аныктоодо эки министрлик ыкчам түрдө  маалымат алмашат, үчүнчү өлкө жарандары жана жарандыгы жок адамдарды өз өлкөлөрүнө кайтаруу маселелеринин тартиби каралган.

Бүгүнкү күндө эмне үчүн  кызматкерлердин пенсияга кетип жатышы көбөйүп кетти?

-Негизинен бир жылга эс алууга кеткендердин саны 1300гө чукул болот, алар жаш курагы жеткен, ден соолугуна байланыштуу, өздөрү каалагандар жана терс жагдайда кеткендер. Бирок акыркы айларда пенсияга кеткен кызматкерлердин саны чыны менен өскөндүгү байкалды. Бул жерде такталбаган ушак-айыңдардын айынан пенсияга чыгууну 25 жылга чейин узартат экен, экинчиси жөлөк пулдарды берилбейт экен деген имиштерден улам пенсиялык курактагы 1844 кызматкерлер кеткен. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 648ге көп.  Бул боюнча биз өздүк курам арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ЖМК аркылуу да маалымат бергенбиз. Белгилей кетчү нерсе, жогоруда айтылган имиштер боюнча азыркы учурга чейин эч кандай мыйзамдын, токтомдун долбоору жана Жобону өзгөртүү боюнча долбоорлор  жок экендигин айтып кетүү зарыл.

-Диний экстремизм, терроризмге каршы күрөшүүдө кандай иштер жүрүп жатат?

– Азыркы 21-кылымда дүйнө жүзүндө терроризм жана диний экстремизм маселеси, жалпыга маалым болгондой өтө көйгөйлүү, ошону менен эле биз үчүн дагы кандай бир кооптонуулар бар.

2015-жылдын 19-сентябрь күнү Мамлекет башчыбыздын катышуусу менен Коргоо Кеңеши тарабынан “Диний экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү чараларынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу” №3 сандуу протокол тапшырмасы чыгарылган, бул багытта ишти жакшыртуу боюнча атайын чечимдер кабыл алынган. Ал эми КРнын ЖКнын депутаттары аркылуу терроризм жана диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жумуштарды жакшыртуу үчүн   бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген.

Бул маселелер ИИМдин ишмердүүлүгүнүн эң негизги багыттарынын бири болуп саналат. Кыргызстанда учурда  тыюу салынган экстремисттик, террористтик маанайдагы 20дай уюмдар катталган. Жалпыга маалым болгондой азыркы учурда согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймактарга кетип жаткан жарандарыбыздын тагдыры бизди терең ойлонтот.  Негизинен ИИМ учурда мамлекеттик дин боюнча комиссиясы, Кыргызстан Мусулмандарынын диний башкармалыгы, УКМК,  жергиликтүү бийлик жана коомчулук менен бирдикте иш алып барып жатат. ИИМдин 10-башкы башкармалыгына кадрларды тандоо маселесине өзгөчө көңүл бурулган, алардын иштөө стили да азыркы учурдун талабына ылайык өзгөрүп туруусу зарыл. Негизинен азыркы чакырыктарга тиешелүү мамлекеттик органдар жана ИИМ да алгылыктуу жумуш алып барууда .

– Чек арадагы чыр-чатактар кандай чечилүүдө?

-Чек ара маселесин жөнгө салуу боюнча ИИМ, Чек ара кызматы жана жергиликтүү бийликтер  менен биргеликте тынымсыз иш алып барууда. Себеби чек арадан бир кадам өткөндөн кийин ал сөзсүз ички коопсуздукка таасирин тийгизет. Ошондуктан аталган маселе бизге да түздөн-түз тиешелүү. Коңшу мамлекеттер менен өз ара байланыш, жекече мамиле да жакшы болсо, чыр-чатактарда  маселени ыкчам чечүүгө, туура чечимдерди кабыл алууга ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Ошондой эле бардык маселелер, чыр-чатактар сүйлөшүү жолу менен гана чечилүүсү зарыл.

Чек ара маселеси боюнча ИИМ тарабынан чек арада жайгашкан аймактарда милициянын айылдык бөлүмчөлөрүн куруу иштерин колго алып, акыркы жылдары эле мындай аймактарда 15 жаңы бөлүмчөлөр жана аймактык тескөөчүлөр үчүн  көптөгөн аймактык пункттар курулду. Жалпысынан чек ара аймактарында 47 бөлүмчө жайгашкан.

Быйылкы жылы ИИМдин борбордук аппаратын оптималдаштыруунун негизинде 237 штаттык бирдик чек ара аймактарындагы бөлүмчөлөргө, аймактык тескөөчүлөргө, жашы жете электер менен иштөө кызматтарына берилди.

Ошондой эле ИИМ чек аралаш жайгашкан кошуна мамлекеттер менен дипломатиялык жана ыкчам иш-чараларды жүргүзө бермекчи.

-Кыргыз милициясынын эртеңи?

-Кыргыз милициясынын катарында дайыма кандай гана учур, абал  болбосун, эртең менен үйдөн кызматына кетип, кайра келүүсүнө кыйын болгон учурда да ушундай оорчулукка карабастан чыныгы мекенчил атуулдар кызмат өтөп жатышат.

ИИМде кандай  гана реформалоону жүргүзбөйлү, кайсы гана мамлекет болбосун  3 негизги багыттарга  өзгөчө  көңүл буруусу зарыл:

  • Биринчиден, жарандардын саламаттыгын сактоо,
  • Экинчиден, Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана маданий баалуулуктарды көтөрүү;
  • Үчүнчүдөн, Коопсуздук маселеси (ички жана тышкы).

Жогоруда айтылган 3 багытты колго алуу менен мамлекетте  дайыма туруктуулук, тынчтык  болуп,  өнүгүп-өсүүгө толук шарттар түзүлөт. ИИМ ички коопсуздукту жана жарандардын мүдөөсүн толук кандуу аткаруу, жергебизде туруктуулук, тынчтык болуусу үчүн милиция кызматын ар кандай коркунучтарды алдын алуу жана ыкчам чечимдерди кабыл алууда жана аларга туруктуу каршылык көрсөтүү үчүн аны ар тараптан колдоп, өз мезгили келгенде ИИМге МККдагы автоунааларды каттоо жана экзамен алуу, паспорттук столдорду, миграция кызматтарын, мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматын жана башка тиешелүү кызматтарды дагы кайтарып берүүсү, учуру келгенде реформалоонун алкагында ушундай кадамдарга барууга толук ишенемин.

-Милиция кызматкерлерине болгон каалоо-тилектериңиз.

-Бүгүн учурдан пайдаланып, кыргыз милициясынын кадырман ардагерлерин, генералдарын, кажыбаган кайраттуу кесиптештеримди кесиптик майрамдары менен куттуктап, алардын ар бирине бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, күндөлүк жумуштарында дайыма ийгиликтер коштоп жүрүүсүн каалап кетмекчимин. Милиция кызматкерлери мындан ары да жергебизде дайыма тынчтык, туруктуулукту орнотууда, өлкөбүздүн гүлдөп-өсүшүнө, анын коопсуздугун камсыз кылууда, кылмыштуулуктун алдын алууда жана аны менен күрөшүүдө жогорку көрсөткүчтөргө жетишип, эл ишенимине ээ боло берет деп терең ишенем.

Дагы бир жолу майрамыңыздар куттуу болсун!!!

Тилек Рыскулов

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: