Ташкентке ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун миссиясынын башчысы Йохан Петер Трауготт Тейлер келди. Анын сапары Өзбекстанда өтө турган президенттик шайлоолорго багытталган.
28-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы миссиянын негизги тобунун мүчөлөрүн каттоодон өткөргөн. Ага ЕККУга мучө 13 өлкөнүн 17 өкүлү кирген. Булардан тышкары миссиянын курамына узак мөөнөттүү – 28, жана кыска мөөнөттүү – 250 байкоочу кирет.
Бюро Өзбекстандагы шайлоолорго биринчи жолу толук масштабдуу миссияларын жөнөтүүдө. Бул өлкөнүн саясий өнөктүктү ачык-айкын, эл аралык шайлоо стандарттарына ылайык өткөрүүгө даярдыгын көрсөтүүдө.
5-нобярда узак мөөнөттүү байкоочулардын келери күтүлүүдө. Алар шайлоо жараяндарынын ар кыл баскычына байкоо жүргүзүп, миссиянын катышуучуларын өлкөдө болгон окуялар менен кабардар кылып турушат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ