Menu

Азамат Байматов: «Кудай берген ырыскыны кудай жолуна жумшайлы»

Бөлүшүү:

“Кайрымдуу бол” кайрымдуулук фондунун төрагасы Азамат Байматов «жакшылык кылуу менен адамдын эч нерсеси кемибейт» дейт. Фонд жалгыз бой майып энеге үй куруп берди. Алдыда дагы муктаж болгон он үй-бүлөгө турак жай салынып жатканын айтат.

Азамат, кайрымдуулук иш менен алектенүүгө эмне түрткү болду?

Кайрымдуу болуу бала кезимден калыптанган сапат болсо керек. Менин чоң атам Байматов Рысбек элин баккан, кыйынчылыктан, ачарчылыктан алып чыккан адам болгон экен. Чоң апам атамды үлгү кылып көп айтып берер эле. Ошондон улам жакшы сөздөр мага дем-күч болду көрүнөт. Мен да чоңойгондо атамдын жолун жолдоймун деп далаалат кылчумун. Кичинекей кезимден баштап эле колумдан келген эң жөнөкөй нерселерди жасап баштагам. Апалар оор баштык көтөрүп кетип атса, аларга жардам берчүмүн. Машине менен элдерди  акысыз жеткирип жүрдүм. Андан кийин муктаж болгондорго жардам бере баштадым.

Учурда “Кайрымдуу бол” коомдук фондун жетектеп келесиз. Бул уюм кантип ачылып калды?

“Жеке өзүңчө эле кайрымдуулук кылбастан коомчулукка алып чыкпайсыңбы?  Муктаж болгондор күндөн-күнгө көбөйүп жатат” деп тааныштарым сунуштап калды. Кайрылуулар аябагандай көп дешти. Ошол себептен “Кайрымдуу бол” фонду түптөлүп, бүгүнкү күнү менден башка дагы беш адам иштейт.

Фонддун негизги максаты кандай?

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда муктаж болгон үй-бүлөлөр аябай көп. Мен ар биринин үйүнө барып, жашоо-шарты менен жакындан таанышууга, өз көзүм менен көргөнгө аракет кылам. Чындыгында алардын абалы жүрөктү ыйлатат.  Ошондо бул жашоого бир келген конокпуз, кимибиз канча жашаарыбыз белгисиз экенин түшүнөсүң. Кудай адамзатын ар кандай жараткан экен. Бирөөгө ден соолукту берип койгон, бирөөгө байлыкты берип койгон. Биздин фонддун башкы максаты — жардамга муктаж адамдарга жакындан жардам көрсөтүү.

 13230237_1548354328804260_4220794876867750078_n                                                                                                                                      

Муктаждарга жардам берүүдө кандай критерийлерге көңүл бурулат? 

Биз көбүнесе жалгыз бой энелерге, майыптарга, жетим балдарга жардам беребиз. Албетте, кайрылгандар аябагандай көп. Алардын баарына кат менен кайрылуусун өтүнөбүз. Биздин кеңешме менен карап чыгып, эгерде чындыгында тагдыры оор болсо, анда сөзсүз кандайдыр бир колдоо болот.

Жалгыз бой энелердин саны көбөйүп кетти. Мындан улам эркектер жоопкерчиликсиз болуп бара жатат деген ой жаралат…

Бүгүнкү күндө эркектерде жоопкерчилик чындыгында азыраак. Мен көпчүлүк эркектердин атынан аялдардан кечирим сурап келем. Бизде азыр каттоодо турган эжекебиз бар. Ал жыйырма сегиз жылдан бери төшөктө жатат экен. Башында жакшынакай эле турмуш курган. Эки бала төрөгөн. Кийинчерээк муун оорусу менен ооруп калып, эки бутун алып салышкан экен. Мындан кийин жолдошу балдарын алып, таштап кетип калган. Элестетсеңиз, адам бир заматта ден соолугунан, үй-бүлөсүнөн, балдарынан айрылып калган. Бул деген тирүүлөй тозокко түшкөнгө барабар да. Ошондуктан биздин фонддун башкы максаты — ынтымакка чакыруу. Эл бизди күтүп турат. Биз кылбасак, ким кылат?!

Кандай долбоорлорду, акцияларды ишке ашырдыңар?

“Жүрөктөн жүрөккө” аталыштагы кайрымдуулук акциясын өткөрдүк. Жети дубандан майып балдарды чогултуп, аларды коомчулукка алып чыгып, эл менен аралаштыруу башкы максат эле. Анткени арасында өмүр бою короодон чыкпагандар бар. Аларга жөнөкөй эле жол чыракты, отургучтарды, кеңселерди көрүү өзүнчө бакыт. Акциябыз максатына жетти. Балдардын жүзүндөгү жылмаюусу  бизге дагы да дем берет. Майып балдар колубуздан кысып, бизге рахмат айтып кучактап өпкөндө жүрөк толкуйт. Кыргызда жакшы сөз бар, “жетимдин башынан сылап тур” деген. Балдар үйүнө да барып турабыз. Айта берсек, жасалган иштер көп.

Айзада деген эжеге үй да салып бердиңер. Бул жакшылык кандайча ишке ашты?

Айзада эже мага телефон чалып кыйналып атканын айтты. “Бир эле келип көрүп кет” деп суранды. Убактым болбой, бирок бир күнү бардым. Көрөрүм менен эле аны менен сүйлөшүү да мага кыйын болду. Анткени он тогузунчу кылымда жашап аткандай сезилди. Өзү майып экен, чыга бериши бийик болгондуктан кулап да кеткен учурлары болуптур. Бул эженин абалын коомчулукка алып чыгып, жардам берүү керектигин айттык. Айзада эжеге үй курууда карапайым элдерден баштап депутаттарга чейинки мамлекеттик кызматкерлер салымын кошушту. Маданият кызматкерлери, ырчылар, коомдук активисттер четте карап турушкан жок. Базарда айрым курулуш материалдарын саткандар эженин абалын угуп товарларды бекер беришти. Мурда бизди ыйлап тосуп алган Айзада эже азыр күлүп тосуп алат.

 13466018_1558724334433926_3594292691597470803_n                                                                                                                                                                                                                    

Фонддун демөөрчүлөрү барбы же баарын коомчулуктун жардамы менен ишке ашабы?

Биздин фонддо жүрөгү кыргыз деп соккон адамдар иштейт. Ошондуктан айрым долбоорлорду өзүбүз ишке ашырсак, айрымдарын коомчулуктан азаматтар чыгып көмөк көрсөтүшөт. Мүмкүнчүлүгү бар байкелерге, эжелерге да кайрылабыз. Колдорунан келген жардамдарын берип келишет. Жакында эле он үй-бүлөгө турак жай куруп берүүнү планга киргиздик. Алгач жер маселеси турган. Аны сатып алуу керек болчу. Ошондо биздин кесиптешибиз өзүнүн жерин Кызыл китеби менен өткөрүп берди. Мен ушул үйдүн салынышына себепкер болуп калайын. Муктаж болгон он үй-бүлөгө менден да бир жакшылык болсун деген ниетте белекке берди. Азыр ушул жерде курулуш иштери пландалып жатат. Буюрса  бул жакта жалгыз бой энелер, көзү азиздер, оор тагдырга туш болгон майыптар жашайт. Бир айдын ичинде бардык курулуш материалдары алынып бүтөт.

Кайрымдуулуктун артынан өзүңүздүн атыңызды чыгарууну көздөбөйсүзбү (?) деген суроолор көп берилсе керек…

Мен кылган иштерим менен өзүмдү көрсөтүү эмес, эң биринчи ынтымакка чакыруу макстатын көздөймүн. Эртеңки күнү ошол адам да башка бирөөнүн муктаждыгын чечүүгө жардам бериши мүмкүн. Туура, жакшылыкты көрсөтпөй кылуу керек. Бирок биздин башкы максат башкаларга үлгү болуу, башкача айтканда арык салып кетүү. Арыкты салып койсок, аны тартып кетүү оңой болот эмеспи. Бүгүнкү күнү бизде жакшы көрүнүштөр пайда болууда. Таластын бүтүрүүчүлөрү он жылдыкты майрамдагандын ордуна муктаж болгон үй-бүлөгө үй куруп беришти. Кыздары болсо үйдү буюмдарга толтурушту. Эки күндө акчаны чачып салбай, жалгыз бой энеге там салып, ичин толтурушту. Кийин ошол үйдө дасторкон жайып, эненин батасын алышты. Бул өтө жакшы иш.

Сырттан караган адам сизди миллионер деп ойлошу мүмкүн. Кайсыл жакта иштейсиз? Кирешени кайдан табасыз?

Мектепти аяктагандан кийин Ислам университетине тапшыргам. Ал жактан араб тилинен котормочу бөлүмүн аяктадым.  Андан кийин бизнес кылууга кириштим. Кайрымдуулук кылганга чейин жеке ишкердик менен алектенип жүрдүм. Тапкан ачкамдын баарын өзүмө жумшагандан кудай астында корком. Кудай берген ырыскыны кудай жолуна жумшаш керек. Ошону менен да тапканыбыз берекелүү болот.

Элвира АКИМОВА

Булак: Де-Факто 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: