Menu

Өзбекстанда биринчи жолу Мирзиеёевдин өмүр баяны жарыяланды

Бөлүшүү:

Өзбекстанда президенттик шайлоо кампаниясынын башталышы менен алгачкы жолу Шавкат Мирзиеёевдин өмүр баяны жарыяланды.

Президенттин милдетин убактылуу аткарып жаткан жетекчи тууралуу маалымат жана анын шайлоо алдындагы программасы Либералдуу-демократиялык партиянын сайтына жайгаштырылды. Шавкат Мирзиёевди саясий кеңеш 16-октябрда президенттикке талапкер катары жылдырган.

Өмүр баянда Мирзиеёевдин 1957-жылы, 24-июлда Жизак облусунун Заамин районунда төрөлгөнү айтылат. Улуту – өзбек. Билими – жогору, техника илимдеринин кандидаты, доцент. Эмгек жолун 1981-жылы Ташкенттеги ирригация инженерлери жана айыл чарбасын механизациялоо институтунда кенже илимий кызматкер болуу менен баштаган. Кийинчерээк ага окутуучу, доцент, окуу иштери боюнча проректорлукка чейин көтөрүлгөн. 1990-жылы республиканын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Мандат комиссиясынын төрагалыгын аркалаган. 1992-жылдан тарта аткаруу бийлигинде иштеп, анын менен катар депутат катары парламенттин ишине дагы катышкан. 2003-жылдан президенттин милдетин аткаруучу катары бекитилгенге чейин Өзбекстандын премьер-министри болгон.

Үй-бүлөлүү, үч баласы жана беш небереси бар.

Мирзиеёевдин шайлоо алдындагы программасында айтылгандай, өлкө эч бир аскер блокторуна кошулбайт, башка мамлекеттердин аскер базасы аймакка жайгаштырылбайт жана аскер кызматкерлери башка өлкөлөргө жөнөтүлбөйт.

Өзбекстанда президенттик шайлоо 4-декабрда өтөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 + = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: