Menu

Путин Алепподо 4-ноябрда “гуманитардык тыныгуу” жарыялоону сунуш кылды

Бөлүшүү:

Президент Владимир Путин Сириянын Алеппо шаарында 4-ноябрда 10 саатка ок атышпоону сунуш кылды. Бул тууралуу Орусия коргоо министрлигинин билдирүүсүндө айтылат.

Башкы штабдын кол башчысы Валерий Герасимов мындай чечим “гуманитардык тыныгуу” жарыялап, “бөйдө жоготуулардын алдын алуу үчүн” кабыл алынганын белгиледи.

Дамаск өкмөтү жактырган тыныгуу эртең мененки саат 9дан кечки саат 7ге чейин созулмакчы.

– Бул аралыкта карапайым жашоочулар жана согушкерлер 8 өтмөк аркылуу Алеппонун козголоңчулардын колундагы райондорунан чыгып кете алышат, – деп кошумчалады Герасимов.

Президент Башар Асадга каршы күрөшкөн көтөрүлүшчүлөр өкмөттүк күчтөрдүн камоолунан чыгуу үчүн өткөн жумада ири чабуул башташкан.

1-ноябрда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу орусиялык учактар 16 күнгө аба соккуларды токтотушканын билдирип, АКШ баштаган коалиция ашынган козголоңчуларды ооздуктай албай жатат деп айыптаган. Анын алдында Москва колдогон сириялык армиянын бейкүнөө адамдардын өлүмүнө алып келген чабуулдары Батыштын сынына кабылган эле.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: