Menu

Абайлачы айдоочу

Бөлүшүү:

Кыргызстан жол кырсыктарынан каза тапкан адамдардын саны боюнча алдыңкы үчилтиктин ичинде. Бул боюнча министрликтен билдиришти. Алар билдиргендей, Кыргызстанда машинанын санынын көптүгү айдоочулардын айдоо маданияты ушундай көрсөткүчтөргө алып келди. Кыргызстанда жыл сайын машинанын саны өсүүдө, жолдор оңдолуп, жол кырсыктарын алдын алуу чаралары канчалык колдонулбасын баары бир жол эрежесин бузгандардын саны өзгөргөн жок. Мисалы 2015-жылы 7066 жол кырсыгы катталып, 12589 адам жабыркап, анын ичинен тилекке каршы 1060 адам каза болгон. 2013-жылы 12415 адам жабыркап, 1220 каза болгон. Албетте жол кырсыктарынын көпчүлүгү чоң трассаларда жана калк көп жайгашкан шаарларда орун алат. Бирок мамлекет тарабынан канчалаган жол кырсыктарын алдын алуу боюнча чаралар көрүлбөсүн, айдоочу эрежени сактабаса баары бир жол кырсыктары боло бермекчи. Ошондуктан ар бир айдоочу эрежени сакташы абзел, болбосо жазалоонун же айыптын шарттарын өзгөртүш керек.

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: