11-декабрда референдум өтүп, жаңы Конституция кабыл алынса, «Бир Бол» фракциясынан депутат Чолпон Жакупова принципиалдуу түрдө мандатын тапшырып, парламенттин эшигин «тарс» жаап кете турганы талкууланууда. Мунун өзү принципиалдуу түрдө бийликке карата жасаган протести болот го. Кызыгы, Ч.Жакупованын Жогорку Кеңешти таштап кете турганына башкалар эмес, эң ириде «бирболчулардын» сүйүнгөнүн эшиттик. Биринчиден, бир мандат бошойт, кезекте турган арттагылардын бирөөсү келет. Экинчиден, «Бир Бол» фракциясында «кулак-мурун кескендей» тынчтык өкүм сүрүп, жыргап эле жатып калышат экен. Тынбай эле бийликке асылган Чолпон айымдан башкалар эмес, иралды фракциялаштары тажаганын байкатып коюшту.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ