КР Жогорку Кеңешинин КСДП фракциясы 31-октябрь күнү депутат Мээрбек Мискенбаевди катарынан кетиришкен. Анын ордуна кечээ, 2-ноябрда жаңы депутат Нурмахаммат Баяхунов келип парламентте ант берди.
Нурмахаммат Баяхунов буга чейин Ысык-Ата районуна караштуу Жаңы-Покровка айыл аймагынын башчысы кызматын аркалап жүрүп, КСДП партиясына өткөн жана былтыр, 2015-жылы октябрда өткөн парламенттик шайлоодо партиялык тизмеге кирген.
Ошол тизмеге кирердин алдында жер участогун алып үй салуучулардын бирикмесинен жер бөлүп берем деп 16 миллион сом алып, тил кат жазып айыл округунун мөөрүн басып берген. Бирок, жер бере алган эмес. Доочулар укук коргоо органдарына арыз менен кайрылганда Нурмахаммат Баяхунов мен акча алган эмесмин, тил кат менен мөөр меники эмес деп танып чыккан. Бирок, укук коргоо органдары өткөргөн экспертиза тил кат менен мөөр Нурмахаммат Баяхуновдуку экенин далилденген. Ошондон кийин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгы эки берене боюнча “Алдамчылык” жана “Жасалма документтерди пайдалануу” беренелери менен кылмыш ишин козгогон. Бирок, КСДПнын лөктөрү Нурмахаммат Баяхуновду колтугуна алып коргоп, укук коргоочулардан калкалап келатышат.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ